Беларусь президенти Александр Лукашенко ичкиликти көп ичкен кызматкерлерди жумуштан кетирет

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко өзүнүн кадр саясатын улантууда. Эми ал ичкиликке жакын чиновниктерди жумуштан аларын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

"Мен өкмөт жаңылангандан кийинки кырдаалга көз салып жатам. Бул жаңылоо аягына чыга элек. Биз дагы да болсо эч кандай жыйынтык көрсөтпөгөн, мен койгон принциптердин негизинде иш алып барбаган аткаминерлерге кайтып барабыз. Ичкилик ичкен адам жетекчи эмес. Ичкиликти чектен аша ичип жаткандыгын байкап калсам, ким болбосун дароо кызматтан алам", - деп билдирген президент.

Ошондой эле өлкө башчы мамлекеттик кызматта отурган ар бир адам ким менен кайсы жерде жана канча ичиш керек экендигин билиши керек экендигин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirlan27011987
2018-09-01 14:27:18
Кантип далилдейт экен. Ким кунуго канча стакан ичип журогонун. Ан учун экспертиза болуш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан