АКШ президенти Дональд Трамп аталган өлкөнүн Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунан чыгуу ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар америкалык Блумберг агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Трамп аталган агенттикке берген маегинде: "Эгер аталган уюм өзгөрбөсө, анда биз курамдан чыгабыз", - деп айткан. Ал аталган уюм АКШнын соода саясатына туура эмес мамиле кылып жатканын кошумчалаган.
Акыркы айларда АКШ бир топ мамлекеттер менен соода согушун башынан өткөрүүдө. Трамп бир катар өлкөлөргө, анын ичинде Кытайдан импорттолуучу товарларга соода салыгын көтөрүп салган. Буга байланыштуу Кытай АКШнын үстүнөн "эл аралык соода эрежелерин бузду" деп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна арыз берген.
АКШ лидери жакында эле эркин соода келишимин жакшыртуу боюнча Мексика менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Трамп Түндүк Америка континентиндеги өлкөлөрдүн аталган биримдиги Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна караганда адилеттүү мамиле жасайт деген пикирде.
Бүткүл дүйнөлүк соода уюму 1995-жылы түзүлгөн. Анын максаты - эл аралык соода алакасын жана аталган уюмга мүчө мамлекеттердин соода саясатын жакшыртуу болуп саналат.