1-сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргыз өлкөсүнө жасаган расмий иш сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков менен кең чөйрөдөгү эки тараптуу сүйлөшүү өткөрдү. Анда эки тараптын өкмөт мүчөлөрү катышып, Кыргыз-Түрк мамилесинин келечеги талкууланды. Ошондой эле 12 документке кол коюу чечими кабыл алынды.
Сиздерге өлкө башчыларынын кең курамдагы сүйлөшүүсүнөн фоторепортаж сунуштайбыз.
2-сентябрда Эрдогандын сапары Бишкектеги бир нече иш-чараларда болуп, кийин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Чолпон-Ата шаарында өтчү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын VI саммитине катышат.