III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алгачкы чемпиондору аныкталды

Бүгүн, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде гуштини милли камарбанди (тажик күрөш) боюнча мелдештер старт алды. Анда жалпы 27 спортчу 3 салмак категорияда күч сынашты.
68 килограммга чейинки салмак ченинде кыргыз балбаны Марлен Абдрасулов алтын медалга ээ болгонго жарады. Күмүш медалдын ээси түркмөнстандык Бегенч Ягмуров болду.

82 килограммга чейинки салмак ченинин финалында кыргыз балбаны Серикбай Аманилла уулу менен орусиялык Артур Зулкарнаев кез келди. Кызуу беттештин жүрүшүндө 6:1 эсеби менен орусиялык балбан алтын медалдын ээси аталды. Күмүш медалды кыргыз балбаны тагынса, коло медалдарды тажикстандык жана түркмөнстандык балбандар тагынышты.

Абсолюттук салмак ченинин финалында түркмөнстандык Аннамурад Мурадов менен монголиялык Гонгор Пурефбаатор күрөштү. Беттештин алгачкы секунддарынан эле түркмөн балбаны атаандашын таза жеңиш менен утуп алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jili
2018-09-02 15:03:02
Азаматсын Марлен.
+4
jili
2018-09-02 15:04:50
Админ Марлендин фамилясын туура жазгыла
+3
Samat777
2018-09-02 15:37:57
Марлен камчыга сап болчу мыкты жигит экендигин жакындан билем. Сенин бизге алып берген алтынын далай алтындарды ээрчитип келсин. Алга Кыргызстан!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан