ЖЫЛНААМА, 3-СЕНТЯБРЬ: "Туулган күнүмдү үй-бүлөм менен белгилейм" дейт 30 жашка толгон ырчы Арсен

Бүгүн, 3-сентябрда кыргыз эстрада ырчысы Арсен 30 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, бүгүнкү маанайы менен бөлүштү.

"Бүгүнкү маанайым абдан жакшы. Албетте, өзүңдүн туулган күнүң болуп жаткандан кийин өзгөчө күн болот да. Буюрса, туулган күнүм сонун маанайда өтүп жатат. Жакын санаалаштарымдын көбү Ысык-Көлгө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кеткендигине байланыштуу туулган күнүмдү үйдө үй-бүлөм, жакын адамдарымдын курчоосунда белгилейм" дейт ырчы.

"Супер-Инфо" гезитине берген маектеринен үзүндүлөр:

  • "Айыл жактарга барып ырдасам, балким, менин ырларым өтпөй калат. Кээде кыйкырып ырдап жатсаӊ "бул эмне эле кыйналып ырдайт" деп түшүнбөй калышы мүмкүн. Чынында ырларымды сүйүп уккандар азыр деле Кудайга шүгүр. Бул нерсени кирешеден деле байкаса болот. Анткени мурунку убактарга караганда азыр кирешем көбүрөөк. Бул иштеп жатканымдын көрсөткүчү болсо керек. Болгону азыр шашпай, бир ырдын майын чыгара иштеп туруп, эл алдына чыгарганга аракет кылып жатам. Башынан эле ырларым сапаттуу болуш керек деген нерсени көп карманам. Өзүмдү азыр чоӊ секирикке даярдап жаткандай сезип жүрөм".
    Ырчынын бала чагы.
  • "Мен элге белгилүү болоюн деп деле ырчы болгон эмесмин. Максатым өзүмө жаккан ырларды элге тартуулоо болчу. Таланттуу адамдын доору эч качан бүтпөйт. Белгилүү бир убакытка чыгармачылыгын токтотуп коюп, кийин сахнага кайткан ырчылар деле бар эмеспи. Андыктан доорум бүтүп калат деп коркпойм. Буюрганын көрөбүз. Негизи быйыл колдон келген аракеттер менен чет өлкөгө чыгып, белдүү сынактарга катышууну көздөп жатам".Апасы жана бир туугандары менен.

Ал жакта баары жасалма го. Күйүп калган жайым бар... Сүрөттө башка, жолуксаң таптакыр башка. Бир жолу бир кызды Инстаграмдан көрүп, аябай сонун кыз экен деп жолуксам, толук экен. "Туй ата, кантип сүрөткө түшкөн? Фотошоп кылганбы?" деп жаман таң калбадымбы. Болбосо сүрөтүнөн клипке тартчудай кыз көрүнгөн да (күлүп)".

"Сүйүү жок деп шекший баштаганда Бегайымга жолуктум"
деген ырчы ушул жылдын июль айында бойдокчулук менен коштошуп, Бегайым аттуу сулуу менен баш кошкон.

"Мен негизи кээ бир адамдарга окшоп интернеттин артынан кубалабайм. Бегайым ырымды Инстаграмга жүктөп мени белгилеп коюптур. Сени белгиледи деген билдирүү келсе, мага жазган экен деп ойлоптурмун. Чынын айтсам, ошол убакытта "үйлөнүш керек" деп катуу ойлонуп жаткам. "Чыныгы сүйүү негизи барбы, жок го?" деп сүйүүдөн шекший баштаган учурум эле. Буга чейин сүйүү болду, таарынышуулар да болду дегендей. 30 жашка жакындаган сайын үй-бүлө тууралуу катуу ойлонот экенсиң.

Ошентип чыныгы сүйүүнү кайсы жерге барбайын издей баштагам. Интернеттен да карадым, эч ким жакпайт деп коюңуз. Бегайымды билдирүү жөнөттү деп түшүнүп, ага кайра жооп жазып жибердим. Түгөйүм болот деп эч ойлогон эмесмин. Ачык эле "үйлөнөйүн деп кыз издеп жүргөм, жолугуп сүйлөшүп көрөлү. Эгер бири-бирибизге жакпасак таарыныч жок" дедим. Жолукканда дароо жүрөккө жакты. Буга чейин кыздар менен таанышканда ачылып-чачылып, ичиме эч нерсе катчу эмесмин. Бегайым менен жолукканда эмнегедир өзүмдү токтоо кармадым. Өзүн алып жүргөнү, мага жасаган мамилеси, баары жакты".
Ырчы 1988-жылы 3-сентябрда Талас облусунун Көк-Ой айылында туулган. Бишкектеги Финансы техникумунан билимин уланткан. "Тагдырың сага жазганда", "Сезим", "Сенин элесиң", "Жыргал ай" жана башка ондогон ырлардын аткаруучусу Арсен кыргыз эстрадасында кыргыз ырларын европалык стилде ырдоо менен өзгөчөлөнөт.

3-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан