III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында Кыргыз делегациясынын арасындагы кыздын калпак кийип алгандыгы көрүүчүлөр арасында суроо жаратты

Кечээ, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ат майданында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага бир катар чет өлкөлөрдүн башчылары да катышты.

82 мамлекеттен келген 2 миң 500гө жакын спортчулар өлкөсүнүн желеги менен эл алдынан басып өтүштү. Көчмөндөр оюнуна келген мамлекеттердин спортчулары өздөрүнүн улуттук кийимдерин кийип чыккандыгы менен суктандырды. Ал эми Түркиянын делегациясынын катарында баскан памирлик кыргыздарды да көпчүлүк байкап отурду.

Соңунда улакчы Манас Ниязов баштаган Кыргыз спортчулары эл алдына чыгышты. Кыргыз делегациясынын арасында Олимпиада, Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү да болду. Көпчүлүктүн көңүлүн башына мырзалардын ак калпагын кийип чыккан кыз өзүнө бурду.

Делегациянын катарында баскан ак калпакчан кызга социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылды. Айрым интернет колдонуучулар чет элден келген коноктор Кыргыздын кийген кийиминен, ар бир кыймылынан элдин маданиятын түшүнө тургандыгын жазышууда. Кээ бири кыз үшүп кеткендиктен калпак кийип алган деген божомолдорун билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
bek_tash
2018-09-03 10:14:51
Татынакай кыз го ээ? Эч нерсе болбойт бир калпака асылып туруп албай чооң чоң ийгиликтерди каалайлы.
-7
Rasul94
2018-09-03 11:10:34
bek_tash,сен жоолук салынып ал
анда.ийгилик каалайбыз
+13
pat12
2018-09-03 14:26:21
bek_tash,
Кыргыздар качан бири бирибизди андыганды токтотобуз.
0
Alinur96kg
2018-09-03 18:35:31
pat12,Анда кыргыз болбой калабыз да.
0
jengoo
2018-09-03 10:17:36
Жакшы эле корунушко.
-7
ursus
2018-09-03 10:21:59
Кыздар кийсе болбойбу? Болбогон проблемалар менен баш оорутасынарда.жумурткадан кыр издеп
-5
Asylai88
2018-09-03 10:23:56
Калпак кийсе не болуптур байпак кийип алган жок го башына ошончо конул бургудай. Кийсе адам кийди, кыргыз кийди андан не чыгат эле. Итке кийгизип чыкты го калпакты анда не кыла алдынар? Ушактаганга эч нерсе калбай эми ошол кыз кийген калпак калдыбы ойлонсонор боло.
+16
kechirmeni
2018-09-03 10:31:53
Муну дуу дуу кылып кеп кылыштын кереги жок, калпак кийсе патриоттуулуктун белгиси, калпак кийбеген "жигиттерге" улгу болсун
+2
Miroslav
2018-09-03 10:44:27
Эн жакшы корунуш мага жакты,чем жыртык жинцы шым кийип жургон кыздарга карганда.
+7
oshkyrgyz
2018-09-03 10:44:46
Соонун жарашыптыр! итке кийгизиштиго башка улуттун кыздары кийип чыкканда сыймыктанат элек сындабай эле!!!
+7
aiba.8327
2018-09-03 10:50:13
Атын чыкпаса калпак кий болуптур да...
+1
tatum67
2018-09-03 10:51:49
82 өлкөнүн өкүлдөру келип жатса Кыргыз кызынын жанындагы жигиттерге тең тайлаша калпак кийип алганы жакшы көрүнүш эмес. Ошол жакта жүргөн ар бир Кыргыздан баска-турганы, кийген кийими биздин маданият тууралуу кабар берет. Башка кыздар кийизден жасалган жакшынакай баш кийимдерди кийип чыкты го, кыздарга арналган. Боло берет, Кыргыз кийиптир да, эмне болмок эле деп койгондун айынан көрөңгөлүү, уюткулуу Кыргыздын алмустактан бери келе жаткан каада-салты, нарк-насили унутта калып келе жатат!
+1
Nanei
2018-09-03 11:16:26
Негатив жазгандар только эркектер,ото эле майдаланып кеттинер. Сонун,мага жакты
-4
nazgul1905
2018-09-03 12:19:20
Nanei,анда сен куйооно жоолук салып кой, боло берет!!!
+5
Tyty1990
2018-09-03 11:23:11
Кийсе кийиптир да
-5
pat12
2018-09-03 12:00:07
Эчтеке болбойт. Жакшы эле корунуш. Ырымчыл боло беруунун кереги жок.
-3
nazgul1905
2018-09-03 12:15:36
Боло берет деген кыргыз туугандарым,ойлонуп жазгылачы айланайын!!! Калпак биздин кыргызымдын эркектерин тааныткан баш кийим,унутпагыла!!! Кочмондор оюнунда ар бир кыргыздын баскан-турганына сын айтылат,эмне тушунбоду экен кыргызымдын сасыткысы?
+3
Snejana
2018-09-03 15:40:50
Мелочь болбогулачы. Кылт эткенге эле сайыла бересинерби. Калпакты бутуна кийип алгансып, майдаланасынар да.
+2
aisyrga88
2018-09-04 09:14:05
Ошону менен эле эмне чет элге маданиятсыз корунуп калат белек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан