"Кызымды бала бакчада тайпалашы 15 жеринен тиштеп салыптыр" деген кабарды жөнөткөн окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" август айындагы жеңүүчүсү болду

Буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө "Кызымды бала бакчадагы тайпалашы денесинин бир нече жеринен тиштеп салыптыр" деген окурмандын билдирүүсү жарыяланган. Кызымдын абалынан улам ооруканага жаттык деген эне: "Бала бакчадагы тарбиячы кызым түштө эрте уктап калганда жанында жаткан бала тиштеп алганын айтты. Кызымдын денесинин 15 жери тиштелген. Ооруканага жатсак бала бакчанын директору менен тарбиячысы келип 200 сом карматып коюп кетти. Мындай абалды териштире тургандар барбы?" - деп жазган эле.

Окурмандын бул билдирүүсү порталда кызуу талкуу жаратты. Көпчүлүгү бала бакчалардагы тарбиячылардын ушул өңдүү кош көңүл мамилесине туш болгонун билдирген. Дал ушул талкууга алынган кабар "ЭЛДИК КАБАРдын" август айындагы жеңүүчүсү деп табылды.

Бул кабар чыккандан кийин биз кыз тиштелген менчик бала бакчанын тарбиячысына кайрылганыбызда, ал кыз кыйкырганда эле ага жетип барганын билдирген. Ошондой эле ал тайпанын эң кенжеси экенин, тиштелген учурда башка баланын жалаягын которуу менен алек болуп калганын кошумчалаган.

Август айында колдонуучулардын эң көп кароосуна алынып, талкууланган кабарды жөнөткөн Үмүт аттуу келиндин жолдошу Айтбек Орозобек уулу жеңиши тууралуу кабарды угуп төмөндөгүлөргө токтолду.

"Биз кызыбыздын абалын көрүп аябай ыза болдук. Менчик бала бакчага өзүңүздөр билесиздер, ата-эне жакшы эле акча төлөйт. Анан баланы ушинтип карайбы деп нааразы болуп бардык. Бирок тарбиячылары, жетекчиси текеберленип, күнөөсүн моюнуна албай коюшту. Андан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарлоого аргасыз болуп, сиздерге маселени айтып кайрылганбыз", - деди ал.

Айтымында, алардын бир эле кызы бар. Учурда ал бала бакчага барбай калган. Жубайы үйдө карап жатат.

"Кызым бала бакча дегенди укса ыйлайт"

- Азыр кызымдын денесиндеги көгөргөн тактар толук кете элек. Коркуп калган, бала бакчаны айтсак эле ыйлайт, мындан улам ушул окуяны эсинен чыгарганга чейин бала бакчага бербей туралы деп жатабыз.

"Келинчегим кызымды көрүп алып, мага ыйлап чалды"

- Мен жумуш менен алыста жүргөндө бакчадан чалышып, кызыңызды башка бала тиштеп салыптыр деп айтышты. Аялыма чалып, сен барып кел дегем. Андан кийин эле келинчегим ыйлап чалып, 15 жеринен тиштеп салыптыр деди. Аябай ачууландым.

"Ал бала кызымды кууп жүрүп тиштеген"

- Ооруканага жеткиргенде кызымдын башында катуу нерсеге урунган жерлери бар болчу. Мындан улам бала аны кууп жүрүп тиштеген деген ойлор келди. Бакчага барып тили чыккан балдардан сүрүштүрүп, сурасам, алар менин оюмдун туура экенин айтышты. Кызым тайпадагы балдардан эрте уктаптыр, ошол учурда жанындагы бала тиштеп алган экен. Кызым аябай сергек, ошондо дароо ойгонуп качып жөнөгөн. Бала артынан кууп, тиштегенге чейин канча жолу кыйкырып ыйлады да, бирок 15 жолу тиштегенге чейин тарбиячы келген эмес.

"Милицияга арыз жаздык, бирок соңунда тарбиячыны кечирдик"

- Бала бакчанын кызматкерлери текеберленип, иштерине карата айтылган сындарды моюнуна албай жатышканда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылдык. Милиция дароо көңүл буруп, тергөө иштери жүрө баштады. Ошондо гана тарбиячы, бакчанын жетекчилиги бизге келип кечирим сурашты. Кызымды дарылатууга кетирген чыгымдарды төлөп беришти. Биз тарбиячыны аяп, кечирүүнү туура көрдүк.

"Бишкекте бала бакча жетиштүү же көп болсо атаандаштыктан улам кызматы жакшырмак"

- Менчик бала бакча баланы кабыл алганына кубанышы керек болчу. Бирок бакчалардын тартыштыгынан, тескерисинче, менчик бала бакчага болсо да бергенине ата-эне сүйүнөт. Балдар көп, бакча аз болгондуктан, атаандаштык жок, андагы кызматкерлердин ишмердүүлүгү жакшырбай келе жатат. Менин кызымдын окуясы да тарбиячынын көңүл кош мамилесинен болду. Эгер балдарды бакча кызматкерлери издеп таап, ата-энесин көндүрүп кабыл алышканда жоопкерчиликтүү мамиле жасашмак".

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы: "Биз менчик бала бакчалардын ишине кийлигише албайбыз"

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгынан баш калаадагы бала бакчалардын жетишсиздиги курч бойдон калып жатканын билдиришти. Мекемеден кабарлашкандай, учурда шаарда 32 бала бакча жетишпейт.

"Ал эми тиштелген кыздын окуясы боюнча биз жооп бере албайбыз. Ал менчик бала бакчада болгон, биз алардын ишине кийлигише албайбыз. Муну Билим берүү жана илим министрлиги карашы керек", - деди мекеменин кызматкери.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинен жооп алуу аракеттерибиз ишке ашкан жок. Окуянын маалымат каражаттарына тараганына бир айдан ашык убакыт өткөнү менен, тиешелүү тарап бул боюнча көрүлгөн аракеттер боюнча үн ката элек.

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2018-жылдагы жеңүүчүлөрү:

2018-жыл, январь айы - Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Р.Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары өтө кооптуу мектепте окуп жаткандыгын кабарлап, сүрөттөрүн жөнөткөн окурман (Ош облусу).

2018-жыл, февраль айы - Кичи автобустун айдоочусу телефон чукулап бара жатып башка унаа менен сүзүшүп кете жаздады деп маалымдаган окурман (Бишкек шаары).

2018-жыл, март айы - Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жакындары тарабынан сабалып түшкөн 8 жаштагы кыз жөнүндө маалыматты жөнөткөн окурман (Бишкек шаары).

2018-жыл, апрель айы - Ноокатта сүйгөн кызына барып, сабалган жигиттин окуясын жөнөткөн окурман.

2018-жыл, май айы - Айдоочу жол тандабас унаасы менен инспекторду жөөлөй айдады деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, июнь айы - Мектепти мугалимдер оңдоп-түзөөгө милдеттүүбү деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, июль айы - Чет жерде иштеп кыйналган мекендештерибизди эми айдоочулар азапка салды деген маалыматты жөнөткөн окурман.

"Элдик кабардын" август айындагы жеңүүчүсү аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Merelisha
2018-09-04 00:51:24
Татыктуу женуучу атапсынар.
+1
aikokul14
2018-09-04 10:18:21
Албетте балдар биринчи орунда,бирок бул кабардан кызыктуурактары бар эле,чечим туура эмес болгон.Эми баары уруш-талаш,мушташ,өлтүрдү дегенди жөнөтүп башташат,жогоруда бирөө жөнөтүптүр го бүгүн.
+1
asman.81
2018-09-04 11:00:21
Кыргызчылык кылып кечирип жаап салыптыр да,тарбиячыга каттуу жаза бергенде коптогон башка бала бакчанын тарбиячыларына сабак болот эле.Конгон адат калабы болуп дагы деле тайрандай берет да жоопкерчиликти сезбеген тарбиячы!
+1
Ayida
2018-09-04 11:01:39
Жаш бала кылганга окшойбойтго
0
Jasa
2018-09-07 21:00:46
Баарыбыз бала деп жашайбыз да,эгер менин баламы ошентсе кечирмек эмесмин,сотко каттап кыйла убайым жешсе анан кийинкисинде этият мамиле кылышат да,смартфон ээсин тааптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан