"Элдик кабардын" апрель айындагы жеңүүчүсү: "Сүйгөн кызына барган жигиттердин сабалышы токтотулсун деген максат менен кабарды жөнөткөм"

Ош облусунун Ноокат районундагы Бостон айылында 50гө жакын адам кыз-жигитти ур-токмокко алды деген маалыматты "Элдик кабар" бөлүмүнө кабарлаган окурман апрель айынын жеңүүчүсү деп табылды. Өзүн Бегимай деп тааныштырган окурман анонимдүүлүктү сактап берүүнү өтүнүп, эмне себептен бул кабарды жөнөтүүнү чечкендиги тууралуу айтып берди.

"Негизи кабарды сиздерге ушул ишти иликтейт, аягына чыгарат деген ишеним менен жибергем. Ишеничти актап жакшы иш алып барганыңыздар үчүн чоң рахмат. Кыргыз өлкөсүндө жашап жаткан ар бир жарандын укугу сакталышы керек деген ой менен окуяны кабарлагам. Өзүм Ноокаттан болгондуктан жана Өзбек улутундагы жарандар менен иштешкендиктен мындай окуялардын көп эле каттала турганын жакшы билем. Бирок мен сиздерге жиберген окуя чектен ашып кетти. Бул окуялар мындан ары уланбасын, коомчулук мындай окуялар катталып жаткандыгы тууралуу кабардар болсун, жабырлануучулардын укуктары корголуп, кылмышкерлер өз жазаларын алсын деген үмүттө жибергем", - дейт окурман.

Аталган кабар чыккан соң Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Гулистан айылында кыз жана ага жолугуу үчүн келген адамдын сабалганы тууралуу факты 5-апрелде катталганын, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын жана ур-токмокко кабылган жигит 23 жаштагы Гулистан айылынын тургуну болгондугун билдирген.

Бул окуядан көп өтпөй ушул эле айылда кызга жолугуу үчүн келген 32 жаштагы жаран жергиликтүү тургундардын колунан каза тапканы маалым болгон. Маалыматка ылайык, окуя 30-мартка караган түнү саат 02:30дар чамасында болгон. Анда 32 жаштагы адам Гулистан айылында жашаган кызга жолугуу үчүн келген. Аны кыздын айылдаштары көрүп сабап салган. Ал оор жаракатынан улам 5-апрелде каза болгон.

Жогорудагы 2 окуя боюнча кылмышка шектүү деп жалпы 14 адам кармалган. Ошондой эле иликтөөлөрдүн натыйжасында бул окуяга катышы бар деген 2 жаран Орусияда экени аныкталган.

"10-апрелде аталган факты боюнча шектелип дагы 4 адам кармалган. Азыр кармалган адамдардын саны баш-аягы 14 адамга жетти. Алардын үчөө үй камагына чыгарылган, 11 адам убактылуу кармоочу жайда кармалып турат. Бул иш боюнча шектелип жаткан дагы 2 адам Кыргыз Республикасынан чыгып кетип, Орусиянын аймагында жүргөнү аныкталды. Учурда аларды кармап, Кыргыз жергесине алып келүү аракеттери көрүлүп жатат", - деп Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирген.

Ал эми 18-апрелде аталган окуяга байланыштуу жергиликтүү милиция кызматкерлерине карата дайындалган кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Ноокат РИИБинин башчысы жана Тергөө кызматынын бөлүм башчысы кызматынан алынган. Окуя орун алган айылды көзөмөлдөгөн Жаңы Ноокат айылындагы бөлүмдүн жетекчиси өз каалоосу менен кызматынан кеткен.

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдын июль айынан тарта жеңүүчүлөрү:

2017-жыл, июль - Якутияда кыргыздар жашаган жатакана күйүп кеткенин кабарлаган окурман (Якутия).

2017-жыл, август - Туристтердин "Сулайман-Тоо" музейинин түштөнүүгө кеткен кызматкерлерин күтүп жаткандыгын кабарлаган окурман (Бишкек шаары).

2017-жыл, сентябрь - Балдары мектепке кабыл алынбай жатканын кабарлаган эне "Элдик кабардын" сентябрь айындагы жеңүүчүсү болгон (Бишкек шаары).

2017-жыл, октябрь айы - Баткен облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндөгү таракандардын көптүгүн кабарлаган окурман (Баткен облусу).

2017-жыл, ноябрь айы - Ош шаарындагы өспүрүм балдардын түн ичинде суукка карабай кайыр сураган балдардын маселесин көтөргөн окурман ноябрь айынын жеңүүчүсү болгон (Ош шаары).

2017-жыл, декабрь айы - Бишкек шаарында жайгашкан №3-балдар ооруканасында дем алыш күндөрү орун алган көп сааттык кезек күтүү тууралуу жазган окурман (Бишкек шаары).

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2018-жылдагы жеңүүчүлөрү:

2018-жыл, январь айы - Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Р.Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары өтө кооптуу мектепте окуп жаткандыгын кабарлап, сүрөттөрүн жөнөткөн окурман (Ош облусу).

2018-жыл, февраль айы - Кичи автобустун айдоочусу телефон чукулап бара жатып, башка унаа менен сүзүшүп кете жаздады деп маалымдаган окурман (Бишкек шаары).

2018-жыл, март айы - Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жакындары тарабынан сабалып түшкөн 8 жаштагы кыз жөнүндө маалыматты жөнөткөн окурман (Бишкек шаары).


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur555n
2018-05-01 18:50:59
Байге болобу?
0
Crystal
2018-05-01 21:04:53
Жеңүүчүлөргө сыйлык берсе керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан