“Түрк тилдүү кеңешинин түзүлгөнү кубана турган окуя" деп Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммитинде сөзүн баштады Өзбекстан президенти Шавкат Мирзийоев.
Ал бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Атада болуп жаткан саммитке сыйлуу конок катары келген.
"Бизди Борбордук Азиядагы экстремизм менен терроризм кооптондурбай койбойт. Биргелешип гана муну жеңе алабыз. Түрк тилдүү өлкөлөр менен товар жүгүртүүбүз акыркы жылдары 40 пайыздан ашыкка өстү. Инвестициялык мамилени да күчөтүү зарыл. Бул биздин мамлекеттердин өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет. Алдыда Андижан-Эркечтам-Кашкар унаа жолу салынат. Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолун курууну да пландап жатабыз. Бул соода жүгүртүүнү активдештирет. Түрк тилдүү элдердин таанымал инсандары жөнүндө китеп чыгарып, аталган кеңешке мүчө өлкөлөрдүн тилине которуп, жайылтууну сунуштайм”, - деди Мирзийоев.