Бишкек мэри Иса Өмүркулов 2014-жылы шаарга жаңы төрөт үйүн куруу пландалып жатканын айтты

Бүгүн, 2-июлда Бишкек мэри Иса Өмүркулов №3-шаардык гинекологиялык ооруканадагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, 1951-жылы курулган аталган оорукананын имараты май айында оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылган. Шаардан жана өлкө аймагынан келген айымдарга жардам көрсөткөн бул оорукана 60 бейтапка ылайыкталган. "Сөзсүз түрдө оңдоо иштерине жардам беребиз. Имарат эски жана кейиштүү абалда. Заманбап талаптарга ылайык келген бардык шарттарды түзүү керек",- деди шаар башчысы. Ал ошондой эле 2014-жылы жаңы төрөт үйүн куруу зарылчылыгын белгиледи. "Бул чече турган социалдык көйгөй. Бүгүнкү күнгө 4 төрөт үйү жетишпейт, маселе олуттуу. Биз жаңы төрөт үйүн куруу тууралуу маселе көтөрөбүз",- дейт Өмүркулов. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан