Бишкекте жол тандабас белгисиз аялды сүзүп, ал окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 3-сентябрда саат 22:20 чамасында болгон.
"Ахунбаев-Шүкүров көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз унаа болжол менен 50-55 жаштар чамасындагы аялды сүзүп, айдоочу ал жерден из жашырган. Ал эми жабырлануучу аял ошол жерден жан берген. Кырсык болгон жерге барган жол кыймылынын кызматкерлери Бишкек шаарына "Перехват" планын киргизип, жыйынтыгында Тойота Раннер үлгүсүндөгү унаа шаардын четиндеги көчөлөрдүн биринен табылган. Ошондой эле машинаны текшерүүгө алган учурда анын ичинен бир канча жасалма мамлекеттик номерлер табылган. Учурда айдоочу изделүүдө", - деди маалымат катчы.
Иликтөө иштеринин натыйжасында каза болгон аял Бишкек шаарынын Н.Х. аттуу тургуну болгону аныкталган. Азыркы тапта унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү чаралар жүрүүдө.