25-ноябрь - Шайлоо күнү республика боюнча коопсуздукту жөнгө салуу үчүн 5000 милиция кызматкери нөөмөттө турат
25-ноябрда болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү республика боюнча 5000 милиция кызматкери жана 9000 элдик кошуундун жигиттери коопсуздукту жөнгө салуу үчүн жумушка тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министри Шамиль Атаханов билдирди. Анын айтымында, шайлоо участкаларында 4037 укук коргоо кызматкери нөөмөттө турат. Ошондой эле шайлоо күнү ИИМдин 508 автоунаасы жана 978 байланыш каражаты колдонулат.