Пакистандын парламенти өлкөнүн жаңы президентин шайлады
Пакистан парламенти Ариф Алвини президенттикке шайлады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, шайлоо кечээ, 4-сентябрь күнү болуп өттү. Талапкер катары Элдик партиядан Чаудри Айтаз, “Жамаат Улема Ислам" партиясынан Маулана Фазлур Рахман жана “Техрик-и-Инсаф” партиясынын Ариф Алви аттанган. Пакистандын мыйзам чыгаруучу органынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен Ариф Алви жеңип чыгып, өлкөнүн жаңы президенти болду.
Өлкөнүн мурунку президенти Мамнун Хусейндин 9-сентябрь күнү президенттик мөөнөтү аяктайт, ал экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюудан баш тарткан.