"Ошто суунун таза эместиги аристонду 1 жылга жетпей жарактан чыгарды" деген билдирүүсүн окурман "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.
Окурмандын айтымында, анын 1 жыл мурун орнотулган суу жылытуучу аппараты таза эмес суунун айынан жарактан чыккан.
"Ош шаарынын Райымбеков көчөсүндө жашайм. 2-3 күндөн бери эле аристондон суу агып иштебей жаткан. Оңдоо максатында ачсам ичи ылайга толуп, ошол себептен суу жылытуучу аппарат иштебей калыптыр. 1 жыл боло элек жатып аристондун ичине ушунча ылай толуп жатса, канча жылдан бери ушул сууну ичип келген жашоочулардын организми эмне болгонун элестетүү кыйын. Негизи тургундарга берилип жаткан ичүүчү суу кандай жабдыктар, каражаттар менен тазаланат жана суунун тазалыгын ким көзөмөлгө алып, ким жооп берет?" - деп суроо салган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.