Бишкектеги Кулуев көчөсүндө 28 жаштагы Бекзат Ж. аттуу жаран 3-сентябрь күнү айылдашы тарабынан бычакталып каза болгон. 5-сентябрда маркумдун таякеси Курстан Казыбеков SUPER.KG'ге окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын айтымында, Бекзат ага бычак сайган айылдашын окуя болгон күнү уруп койгон.
"Жээним Бекзат Ички иштер министрлигинин алдындагы академияны бүтүргөн. Бирок ал тармактан жумуш таба элек болчу. Ал өзү Орусиядан унаа алып келип, сатып ишкерлик кылып жүргөн. Акыркы жолу да Бишкек шаарына алып келген унааларын сатуу үчүн келген экен. Жээнибизди өлтүрдү деп шектелип жаткан жаран менен айылдаш болобуз. Ал буга чейин да иниме тийишип жүрүптүр. Мындан улам иним ошол окуя болгон күнү аны уруп койгон экен. Арадан үч-төрт саат өткөндөн кийин өзү менен эки адамды ээрчитип келип, Бекзатка бычак сайып кетишиптир. Бизге окуяны Кулуев көчөсүндө турган таксисттер айтып берди. Учурда окуяга шектүүнүн бири кармалыптыр. Ал эми биздин айылдашыбыз менен анын жанындагы бир адам кармала элек. Алдын ала божомолдор боюнча, алар унаасын Кара-Балта шаарына таштап, өздөрү Казакстан тарапка качып кетишкен", - деди Казыбеков.
Казыбеков жээнинин өлүмүнө шектүү буга чейин дагы бир кылмыш ишке катыштыгы болгонун айтты.
"Жээниме бычак сайган жаран 2016-жылы дагы бир адамды өлтүрүп койгон. Ал белгисиз себептерден улам 3 жылга шарттуу кесилип, бирок күнөөлүү делип бир тууган агасынын баласы соттолуп кеткен эле. Билишимче, ал шектүү үй-бүлөсү менен ажырашып кетип, Бишкекте жашап жүргөн. Бекзат үй-бүлөдө төрт бир тууган болгон. Өзү былтыр үйлөнүп, бир жарым ай мурун эле наристелүү болгон. Жээнимдин сөөгүн 4-сентябрда жерге бердик", - деп кошумчалады.
Ошондой эле ал өз сөзүндө бул окуя тыкыр иликтенип, кылмышка шектүүлөр көп узабай кармалышын талап кыларын айтып өттү.
SUPER.KG порталы бул окуя боюнча экинчи тараптын да оюн угууга даяр.