super.kg logo

Бишкекте айылдашы тарабынан бычакталып каза болгон жарандын таякеси окуянын чоо-жайын айтып берди

 

Бишкектеги Кулуев көчөсүндө 28 жаштагы Бекзат Ж. аттуу жаран 3-сентябрь күнү айылдашы тарабынан бычакталып каза болгон. 5-сентябрда маркумдун таякеси Курстан Казыбеков SUPER.KG'ге окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын айтымында, Бекзат ага бычак сайган айылдашын окуя болгон күнү уруп койгон.

"Жээним Бекзат Ички иштер министрлигинин алдындагы академияны бүтүргөн. Бирок ал тармактан жумуш таба элек болчу. Ал өзү Орусиядан унаа алып келип, сатып ишкерлик кылып жүргөн. Акыркы жолу да Бишкек шаарына алып келген унааларын сатуу үчүн келген экен. Жээнибизди өлтүрдү деп шектелип жаткан жаран менен айылдаш болобуз. Ал буга чейин да иниме тийишип жүрүптүр. Мындан улам иним ошол окуя болгон күнү аны уруп койгон экен. Арадан үч-төрт саат өткөндөн кийин өзү менен эки адамды ээрчитип келип, Бекзатка бычак сайып кетишиптир. Бизге окуяны Кулуев көчөсүндө турган таксисттер айтып берди. Учурда окуяга шектүүнүн бири кармалыптыр. Ал эми биздин айылдашыбыз менен анын жанындагы бир адам кармала элек. Алдын ала божомолдор боюнча, алар унаасын Кара-Балта шаарына таштап, өздөрү Казакстан тарапка качып кетишкен", - деди Казыбеков.

Казыбеков жээнинин өлүмүнө шектүү буга чейин дагы бир кылмыш ишке катыштыгы болгонун айтты.

"Жээниме бычак сайган жаран 2016-жылы дагы бир адамды өлтүрүп койгон. Ал белгисиз себептерден улам 3 жылга шарттуу кесилип, бирок күнөөлүү делип бир тууган агасынын баласы соттолуп кеткен эле. Билишимче, ал шектүү үй-бүлөсү менен ажырашып кетип, Бишкекте жашап жүргөн. Бекзат үй-бүлөдө төрт бир тууган болгон. Өзү былтыр үйлөнүп, бир жарым ай мурун эле наристелүү болгон. Жээнимдин сөөгүн 4-сентябрда жерге бердик", - деп кошумчалады.

Ошондой эле ал өз сөзүндө бул окуя тыкыр иликтенип, кылмышка шектүүлөр көп узабай кармалышын талап кыларын айтып өттү.

SUPER.KG порталы бул окуя боюнча экинчи тараптын да оюн угууга даяр.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.09.2018. 15:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
17-01-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:12
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бурулайды тынч жаткыргылачы, сураныч, ансыз деле бул жашоонун жыргалын корбой кетти,эми жаны жай алсын да. Окуя кандай болгонун коруп турган, таразалай турган жалгыз бир - Аллах.
05.09.2018. 15:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
17-01-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:12
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура эмес жакка кетип калды, кечирим сурайм
05.09.2018. 19:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии байкуш биздин куйо бала эле.Барес болчу.жаткан жерин жайлуу болсун.баласынын 40н жаны эле чыгарып торкунунон кайн атасынын уйуно кетишти эле Бекзатты келет деп.Байкушум жон эле журсон болмок экен.
06.09.2018. 01:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
10-09-2016
Соӊку аракети:
06-09-2018 19:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ЖАШАСЫН
+2
Тагасы кичине туура эмес маалымат бериптир кошумчалап айтканда айылдашы Бакай 2014-Кышында же 2015 башында озунун досун улактын айынан урушуп кетип олтуруп камалган,
Бекзат менин класташ досум эле 2-3 класты бирге окуганбыз, жакшы бала эле а дейбиз бу дейбиз ажал экен отуп кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: