Кырчын жайлоосуна 130 жылдык тарыхы бар этно боз үй тигилди. Бул боз үйдү Сары-Өзөн ордосуна Нарындан келген өкүлдөр тиккен. Боз үйдүн сакталышы, анын ичиндеги баалуулуктар тууралуу SUPER.KG порталына Жумагүл Мураталиева айтып берди.
"Биз тиккен боз үй 130 жылдан бери колдонулуп келет. Жыгачтарына бир тамчы боёк тийген эмес. Боз үйдүн ууктары, канаттары, чийи, боолору жана эшиги өзүнүкү, тагыраагы, бир кылымдан ашуун алмашылбай колдонулуп келет. Ал эми боз үйдүн ичинде 2 кылымды карыткан төөнүн жүнүнөн жасалган жай намаз коюлган. Бул жай намаз менин Кытайда жашаган кыргыз чоң энелеримден калган. Жай намазга канчалаган олуялардын чекеси тийген. Дагы бир тарыхка бай баалуулуктардын бири - сандык. Бул сандык дагы 200 жылдан ашуун убакыттан бери сакталып келет. Менин чоң энем келин болуп келгенде чоң кайненесинен калган сандыкты белек кылып берген экен. Чоң энем мындан 20 жыл мурда 100 жашында каза болду, ал сандык тууралуу көп айтар эле. Менин баамымда сандык жаңгактан жасалган", - дейт Мураталиева.
Жумагүл апа кеминде 100 жылды багынткан буюмдар тууралуу баянын улантып, буларга токтолду.
"Баса, бизде 100 жылды багынткан ээрлер, көрпөчө дагы бар. Көрпөчөнү бүгүнкү күнгө чейин көрсөткөн эмесмин. Илгери бай-манаптар колдонгон көрпөчө эң кымбат делген манат кездемеден тигилген. Биздин экспонаттардын сакталышына таң калгандар көп. Негизи бул боз үй Нарындан табылган. Узак убакыттан бери баштапкы калыбын бузбай, сакталып келе жатканы Сагын аттуу келиндин эмгеги. Сагын мугалим болуп эмгектенет", - деди ал.
Ошондой эле сыртта турган алачык дагы топоздун жүнүнөн эшилген жип, ашатылган териден жасалган. Ата-бабалардын көчмөн турмушунда колдонулган алгачкы турагы болгон. Энелерибиздин тери иштетүүдөгү эмгектери да коюлган. Учурда терилерди туздап койгон. Эми маал-маалы менен ашатып, андан кийин ашатылган териден ар кандай буюмдарды жасай турганын кошумчалады.