Депутат Алтынбек Сулайманов: "Депутат көп нерсени билгенге милдеттүү эмес, бирок гимнди билбесе өтө уят"

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Пархат Тулендыбаев телеканалдардын бирине маек берип жатып, гимндин кайырмасынын текстин туура эмес ырдаган. Мындан улам депутат коомчулуктун сынына кабылды. Эл өкүлү журналисттерге гимнди ырдап бергенине өкүнүп жатканын билдирген. SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин депутатынын мамлекеттин символикасы болгон гимнди билбегени эмнени билдирет?" деген соболуна "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жооп берди.

Ал гимнди билбеген депутат коомчулук тарабынан сындалып жатканы жетиштүү жаза экенин айтты.

"Жогорку Кеңештин депутаты көп нерсени билгенге милдеттүү эмес. Бирок мамлекеттин символикасы болгон гимнди билбегени биз үчүн өтө уят нерсе. Гимнди билбеген депутатка элдин жазасы жетиштүү. Ага карата чараны коомчулук берип жатат. Андан өткөн оор чара барбы?" - деди Сулайманов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Тазабек Икрамов, Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев, журналист Турат Акимов, жарандык активисттер Аманбол Бабакулов, Айбек Мырза, Замирбек Көчөрбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан