"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Депутат Кыргыз мамлекеттик гимнин туура эмес аткарды" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Видеодо Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев "Апрель" телеканалына маек берип жатканы көрсөтүлөт. Тулендыбаев: "Көп депутаттар гимнди билишет, ошондуктан массалык маалымат каражаттары бурмалап коюшат. Бизди, депутаттарды, башкача кылып көрсөтүп коюшат" деп, ал гимндин кайырмасынын текстин туура эмес ырдап берет.
Депутаттын аткарганы:
"Алгалай бер, Кыргызстан,
Азаттыктын өлүндө.
Ар бир сөзүң өскөндөй,
Өз алдының жоолууундаааа..."
Гимндин кайырмасынын туура тексти:
"Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда".
Андан соң видео бала бакчада баланын ырды түшүнүксүз окуганы менен уланып аяктайт.