Кыргыз-Өзбек чек арасын тактоо иштери бир нече жылдан бери аягына чыкпай келет. Узакка созулган бул жараян Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин 2017-жылдын сентябрындагы Кыргыз өлкөсүнө жасаган сапарынан кийин жанданган. Эки өлкө башчыларынын чек ара тууралуу келишиминен кийин иш аракеттер тездеп, чек аранын 85 пайызы такталган. Азыр калган 15 пайыз боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк комиссиялары иш алып барышууда.
Чек ара көйгөйүнөн арылбаган Ала-Бука
Бирок чек ара месалеси ачык-айкын жүргүзүлбөгөнү үчүн талаштуу аймактар боюнча ар кандай шек жараткан жагдайлар бар. Буга чейин жарандар чек арадагы айрым тилкелер Өзбек тарапка өтүп кеткени, коңшу өлкө чек арачылары такталбаган аймакта ээн-эркин басып жүргөнү, айрым учурда Кыргыздын айылдарына келип, жарандар менен чырдашып жатканы байма-бай айтылып келген. Ушул сыяктуу арыздануу менен редакциябызга Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын жашоочусу Алишер Тажибаев кайрылып, аталган аймак Өзбекстандын таасири астында калып бара жатканын айтып берди.
"1972-1974-жылдары кыргыздар курган үйлөр Өзбекстандын 1952-жылдагы картасына түшүп калган"
- Ала-Бука районунун Көк-Серек айылына караган 7 үй жайгашкан аймак бара-бара Өзбекстандын таасири астында калууда. Алардан кийинки эле коркунуч 1-Май айыл аймагына түшүп жатат. Көк-Серектин аксакалдары Өзбекстанга кирүүгө уруксат беришсе, өтүп кеткен жерлерди көрсөтүп беребиз дешти. Өзбекстан 1952-жылдагы картада бул жерлер аларга караганын айтып жатат. Ал жерде мал сарай жана 7 үй бар. Анын төртөөндө Кыргыз жарандары жашайт. Калганы бош турат. Мал сарай менен 7 үйдүн курулушу 1972-1974-жылдары болгон экен. Бирок алар Өзбекстан көрсөтүп жаткан 1952-жылкы картага түшүп калган.
"Өзбек чек арачылары тосуп алганы үчүн Кыргыз жарандары эгин талааларына кире албай жатышат"
- Кыргыз аймагына суу жеткирген канал азыр Өзбекстанды кесип өтөт. Каналдын Өзбекстан тарабында кыргыздардын эгин талаасы бар. Жарандар эгин талааларына кире албай жатышат. Себеби ал жакка өтүүчү жолду өзбек чек арачылары тосуп алган. Азыр алар 1 гектардай жерди ээлеп турушат. Анын ичинде эгин талаасына өтчү жол бар. Негизги чек ара бул аймактан 7 чакырым алыста болчу. Аксакалдар бул жерди 100 пайыз кыргыздардыкы болгон дейт. Бул аймак Көк-Серекке караганы менен 95 пайыз коркунуч 1-Майга келүүдө.
"1-Майга чек арага жакын аймак статусу берилиши керек"
- Азыр Өзбекстандан өтүп келчү каналда суу жок. 100 пайыз суусуз калдык. Бизге чек арага жакын аймак статусу берилиши керек. 1-Май айыл аймагынын 95 пайыз эли дыйканчылык менен алектенет. Мен быйыл 100 миң сом сарптап, суунун жоктугунан 14 миң сомумду гана кайтара алдым. Бул жерде 15 миң адам жашайт. Чоңдугу боюнча райондогу экинчи айыл аймак. Район борборунан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан. Адам жашаган аймактардагы чек арага атайын зымдар тартылган. Облус жетекчилиги "Өзбекстанга кайрылуу жазганбыз, бирок жооп келе элек" деп жатат.
Айыл башчы: "Тескерисинче, Өзбекстандын 19 гектар жери бизге өттү"
Ала-Буканын 1-Май айыл аймагынын башчысы Мухтар Шербаев Кыргыз жерин Өзбекстан басып кирүүдө деген маалымат калп дейт.
“2008-жылдан бери Өзбекстандын аймагы деп эсептелип келген 19 гектар жер бизге өттү. Ал жерде коңшу өлкөнүн мазары менен жайыты болгон. Кыргыз өлкөсүнүн жери өтүп кетти деген калп. Тескерисинче, Өзбек аймагы бизде калып калган. Ал эми суу бизге Орто-Токой суу сактагычынан келет. Ал жерде суунун көлөмү аз калганы үчүн мезгил-мезгили менен берилип жатат. Кудайга шүгүр, суу маселеси жок күзгө жетип келдик. 1-Май айыл аймагынан Өзбекстанга жер өтүп кетти деген жумурткадан кыр издөөгө барабар. Биздин айыл аймакта 13 миң 300 адам жашайт. 1 миң 200 гектар айыл чарба багытындагы жерибиз бар. 4 насостук станция иштейт. Коңшулаш Көк-Таш, Көк-Серек айыл аймагынын 500 гектардай жерин биздин айылдын тургундары пайдаланат. 1-Майда такталбаган чек ара тилкеси жок. Бирок Көк-Серектин аймагы бизге кедергисин тийгизиши мүмкүн. Чек ара жаңжалдары акыркы 2 жылдан бери катталбай калды”, - деди Шербаев.
Жери Өзбекстанга өтүп кетти делген Көк-Серектин башчысы маалыматка ээ эмес
Аталган маселе боюнча Көк-Серек айыл аймагынын башчысы Камчыбек Исраилов так маалыматка ээ эмес экенин айтып, кеңири комментарий берүүдөн баш тартты. Ал бул аймак боюнча Ала-Бука райондук мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Нуралы Доолатов иш алып барган дейт. Маалыматка караганда, Доолатов чек ара боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү.
Доолатов: "Мен ал жер боюнча маалымат бере албайм, туура түшүнгүлө"
Көк-Серек айыл аймагынын башчысынын сөзүнөн улам Ала-Бука районунун мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы, чек ара боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү Нуралы Доолатовго кайрылып көрдүк. Ал бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, туура түшүнүүбүздү суранды. “Мен ал жер боюнча маалымат бере албайм. Мени туура түшүнгүлө. Ооба, чек ара боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсүмүн. Ала-Бука аймагы боюнча иш алып барам. Бирок азыр эч кандай маалымат бере албайм. Иш-чаралар бүтө элек”, - деди Доолатов.
Өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү: "Комиссия мүчөлөрү баарын айта албайт. Мамлекеттик сыр деген бар"
Өкмөттүн аппарат башчысынын биринчи орун басары, өкмөттүн чек ара иштери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров буларга токтолду.
- Чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул жалгыз Ала-Бука району боюнча эле эмес, Жалал-Абад, Баткен, Ош аймактарына да тиешелүү. Негизи эле чек араны тактоо - татаал маселе. Делимитация бүтсө демаркация процесси башталат. Юридикалык күчкө ээ болмоюнча чек аранын тагдырын айтуу туура эмес. Жергиликтүү бийлик органдары бар. Аймактардагы чек ара маселелери боюнча ошолордон да сурап алса болот. Комиссия эки мамлекеттин ортосундагы жалпы чек араны карайт. Жерди берип салды деп ойлой бербеш керек. Албетте, чек араны тактоодо айрым маалыматтар жашыруун болот. Комиссия мүчөлөрү баарын айта албайт. Мамлекеттик сыр деген бар. Бул жараянга эки өлкөдөн 20-30 кишиден катышып жатат.
Такталбай калган 15 пайыз чек арынын жарымы боюнча сүйлөшүү бүттү
Искандаров учурда делимитация иши комиссиянын жумушчу топторунун деңгээлинде жүрүп жатканын айтты. "Комиссиядан кийин бул документти өкмөт, парламент карап, кийин гана президенттер кол коёт. Буга чейин такталбаган чек ара 15 пайызды түзсө, азыр 6-7 пайызы калды. Аймактар боюнча тарыхый документтерди карап чыгабыз. Бирок “чоң атам ушул жакта мал бакчу эле, ушул жерлерде ойночубуз” деп айта беришет. СССР учурунда чек ара болбостон, аралашып жашай берген да. Чек араны тактоо иштери 2000-жылы башталган. Бул 18 жылда бүтпөгөн нерсе. Ошентсе да тез бүтүргөнгө аракет кылып жатабыз. Элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Жарандарда чек ара боюнча маалыматтар болсо жергиликтүү өкүлдөр аркылуу бизге байланышса болот”, - деди Искандаров.