Австралияда "Тез жардам" кызматы бейтаптын өлүм алдындагы өзгөчө каалоосун орундатты

Австралияда "Тез жардам" кызматы бейтаптын өлүм алдындагы өзгөчө каалоосун орундатты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Австралиянын Квинслед штатында "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери 72 жаштагы Рон Маккартни аттуу бейтаптын өлүм алдындагы суранычын ишке ашырышкан. Маккартни көп жылдан бери рак оорусу менен жабыр тартып келген. Акыркы жолу үй-бүлөсү "Тез жардам" кызматын чакырган учурда анын абалы оорлошуп кеткен.

Ооруканага бара жаткан учурда Маккартнинин жубайы, жолдошу акыркы 2 күндөн бери эч нерсе жеген эместигин айткан. Анда дарыгерлер бейтаптан эмне жегиси келип жатканын сурашкан. Анда Рон мөмө-жемиш кошулган карамель балмуздагын жегиси келип жаткандыгын билдирген. Дарыгерлер бейтаптын акыркы суранычын аткарып, балмуздак алып келип беришкен.

Тилекке каршы, Рон Маккартни ооруканага жеткенден кийин көп убакыт өтпөй көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
love2016kg
2018-09-06 14:59:29
Аллах раазы болсун. Кана биздикилерда ушундай кичи пейил болушса
+3
Sveta23
2018-09-06 16:36:15
ушул да жаңылыкпы
-3
ludimira
2018-09-06 16:36:30
Ото чооон жанылык
+1
emirchik
2018-09-06 19:41:28
Врач деген ушундай болушу керек !
0
Eli.91
2018-09-06 22:19:37
Олум алдында баарыбызга келме келтирууну насиб этсин жараткан Аллах акыркы демибиздеда Лаа иллаха иллалоху Мухаммадира Расулуаллахты насиб этсин акыркы демибиз менен бирге кошо чыксын.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан