Көк бөрүчү Манас Ниязов: "Орусиялык атаандаштарыбыз биздей болуп 1-2 ай даярданса, оюн кызуу өтмөк"

Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалдык беттештери орун алып, анда Кыргыз-Москва командалары күч сынашкан.

Оюндун жүрүшү, команданын даярдыгы жана атаандашы тууралуу көк бөрү боюнча кыргыз курама командасынын капитаны Марлис Койгелдиев SUPER.KG порталына айтып берди.

"Биз бул оюнга 1 жарым ай даярданганбыз. Бүгүн орусиялыктар менен кез келдик. Атаандаштарыбыз дагы мыкты даярдыкта экенин оюнда көрсөтүштү. Оюн жакшы өттү. Эми эртең Өзбекстандан келген көк бөрүчүлөр менен беттешке чыгабыз. Буюрса, жакшы оюн көрсөтөлү деп жатабыз", - дейт Койгелдиев.

Ал эми кыргыз курама командасынын оюнчусу Сейитбек Анарбек уулу: "Орусиялыктар көк бөрү оюнун биздей болуп алмустактан бери ойногон эмес. Такшалган оюнчулары жок болгондуктан атаандаштарыбызга мүмкүнчүлүктөрдү берип жаттык. Ошондон уламбы, бүгүнкү оюн абдан жеңил болду. Эртеңки оюн чыныгы оюн болот", - деди.

Аталган команданын дагы бир көзгө басар, белгилүү оюнчусу Манас Ниязов каршылаштары мурунку оюндарга чыккандар экенин айтты.

"Орусиялыктар биздей болуп 1-2 ай даярданып келсе, оюн кызуу жүрмөк. Алар 2-3 күн эле даярдык көрүп калышты. Бүгүнкү беттешке чыккан балдар буга чейин дагы көк бөрү оюндарына катышып келген. Андыктан даярдыктарга карабай оюн кызуу жүрдү. Ал эми эртеңки финалдык беттеште өзгөчө тактикаларды колдонобуз деп жатабыз. Анткени атаандаштарыбыз күчтүү болот", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
salimbek87.kg
2018-09-06 20:18:12
Алга кыргызстан Аллахым өзү колдоп эртең жеңишке жеткиле ийгилик каалаймын эртеңки оюнга.
+6
Syimyk.isaev
2018-09-06 20:20:45
ХХХХХХХ 30:5 счёт менен. Көксөм сууп калат эле.
+5
FCB14
2018-09-06 21:50:19
Syimyk.isaev,55:5ке ХХХХХХ
+3
admin_superstan
2018-09-07 11:37:50
FCB14, Syimyk.isaev, этика нормаларын сактагыла!
0
Tuke8686
2018-09-06 21:23:22
Эртен деле ушундай болот буларга
-2
Makkambaev97
2018-09-06 21:28:50
ХХХХХХХХХХХ ойун андан көрө футболду өнтүктүргүлө
-14
newman
2018-09-06 22:32:39
Makkambaev97, бул сага эмне тоскоол кылып атат? Азыр эми сезон болуп атпайбы. Футбол өнүгүшүнө көк бөрү тоскоол болгон жокко дейм.
+1
admin_superstan
2018-09-07 11:39:08
Makkambaev97, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! БАНга!
0
eduardali
2018-09-06 21:56:56
Урматтуу Кыргыз курама командасы сиздерди жеңишиңер менен куттуктайм. Эртең мени да кошуп алгылачы защитага жарайм өзүнө бектерди Тагажан дедиртип черимди жазайын өзүмдүн Алгарам менен барам.
-1
Alixan-Nookat.2015
2018-09-07 08:52:31
Ийгилик каалайм мүмкүнчүлүк бербей аягына чейин ойногулачы эсеп канча болот экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан