Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы борбордук ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалдык беттештери орун алып, анда Кыргыз-Москва командалары күч сынашты.
Үч таймдан турган беттештин жыйынтыгында кыргыз улакчылары атаандаштарынын тай казанына жалпы 23 улакты таштап жеңишке жетишти. Ал эми Орусиянын Москва облусунан келген улакчылар тай казанга 6 улак таштоого үлгүрүштү.
Учурда аталган жайда жарым финалдык беттештин алкагында Казакстан менен Өзбекстандын улакчылары күч сынашып жатышат. Жеңип чыккан команда Кыргыз командасы менен биринчиликти талашууга чыгат.