Таиланддын Паттае шаарында сүйлөшкөн кызынын интимдик кызмат көрсөтүп жүргөнүн билип калган жигити анын башына 6 жолу атып өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, Нафаторн Канокасемсофон аттуу 23 жаштагы кыз медайым болуп иштейм деп жигитине айтып, бирок өзү бир катар чет элдик эркектерге интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн. Бул кызматынан тапкан акчасын төшүн чоңойтуу үчүн пластикалык операцияга, косметикалык каражаттарга жумшап, Honda Civic унаасын сатып алган.
"Анын "кардарларынын" арасынан голландиялык адам айына 700 доллардан берип турган" деп жазылат маалыматта. Нафаторн Канокасемсофон аны өлтүргөн жигити менен 1 жыл сүйлөшкөн.
Кыздын жансыз денесин полиция анын унаасынан тапкан. Андан кийин уюлдук телефонун текшергенде акыркы жолу аны жигити жолугушууга чакырганын, "Азыр жолуксаң, башка эч качан жолтоо болбойм" деп жазган билдирүүсүн табышкан. Ага чейин кызынын жашыруун жумушу тууралуу билип калган жигит экөөнүн ортосунда жаңжал чыккандыгы да белгилүү болгон. Күйөөсү менен ажырашып кеткен Канокасемсофондун 2 баласы бар экендиги кошумчаланат маалыматта.