Молдовада гүленчи "делген" 7 мугалим депортацияланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Молдова бийлиги 6-сентябрь күнү "Orizont" лицейлер тармагында эмгектенген 7 мугалимди өлкөнүн аймагынан чыгарды. Алар "Түркия президенти Эрдогандын башкы душманы - Фетхуллах Гүлендин уюму менен байланышы бар" деп шектелүүдө.
Бул кадамдарды молдовалык жалпыга маалымдоо каражаттары "түрк бийлигине жагынуу үчүн жасалып жатат" деп баалоодо. Күзүндө Эрдогандын Кишинёвго келери пландалып жатат.
Молдованын коопсуздук кызматы 6-сентябрда "бир нече мамлекеттерде мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп жаткан ФЕТӨ менен байланышы бар деп шектелген 7 чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылды. Бул ишти иликтөө учурунда башка мамлекеттердин коопсуздук кызматтары менен иштештик" деген билдирүү таратып, бирок кайсы өлкөлөр менен кызматташканын тактаган эмес. Өлкөдөн чыгарылгандан бир нече саат мурда "Orizont" лицейлер тармагынын мугалимдери коопсуздук кызматы тарабынан кармалган.
Молдовалык укук коргоо уюмдарынын биринин жетекчиси Кристина Перетятку: "Биз бул окуяны "адам уурдоо" деп баалайбыз. Кармалгандардын баары "саясий качкын" деген статус алуу үчүн бийликке кайрылган. Мындан сырткары аларды кармоо үчүн соттун чечими жана ордер керек болчу. Биздин билгенибиз боюнча, булардын бири да жок болчу", - деген оюн айтты.
Молдовалык жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири Кыргыз өлкөсүндө да ФЕТӨ уюму түптөгөн мектептер тармагы иш жүргүзүп жатканын белгилеген.
"КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эки өлкөдө ФЕТӨнүн мектептери иштейт. Алар Молдовада "Orizont" жана Кыргыз өлкөсүндө "Sebat" деп аталат. Түркиядагы төңкөрүш жасоо аракетинен кийин Кыргыз бийлиги аталган мектептер тармагында реформа жүргүзүп, атын "Сапат" деп өзгөрткөн. Мектептер тармагы кыргыз бийлигинин карамагына өтүп, бирок анда эмгектенген түркиялык мугалимдер ордуларында калышкан. 1-3-сентябрь аралыгында Эрдоган Кыргыз өлкөсүнө иш сапары менен барып, "Маариф" мектептер тармагын ачуу тууралуу келишим түздү. "Маариф" уюму "Сапатка" атаандаштык түзүп, түрк бийлигин колдой турган альтернативдик окутуу тармагы болмокчу", - деп айтылат маалыматта.
Эл аралык мамилелер боюнча орусиялык кеңештин эксперти Тимур Ахметов:
"Инвестициянын кандай түрү болсо да Кыргыз өлкөсү жана Молдова сыяктуу чоң эмес мамлекеттер ага кызыкдар болот. Материалдык жардам алыш үчүн өлкөлөр чоң иш-аракеттерди талап кылбаган, майда кадамдарга барып жатышат. Мисалы, мектептерди жабышты, атын өзгөртүштү. Бирок бул кадамдарды Түркия маанилүү белги катары карап жатат. Андыктан чындап эле түрк бийлиги бул өлкөлөргө берилүүчү инвестициянын көлөмүн жогорулатышы мүмкүн", - деди Ахметов.