Евгений Гуревичтин "мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион долларды чыгарып кеткен" деген билдирүүсү боюнча Башкы прокуратура териштирүүнү баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Гуревичтин кайрылуусунда айтылган маалыматтар боюнча башкы көзөмөл органдын тийиштүү бөлүмдөрү териштирүү, тактоо иштерин жүргүзүүдө. Аталган жараян качан аягына чыгары белгисиз.
Буга чейин учурунда Бакиевдердин каржылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич "Азаттыкка" берген маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ошондой эле 2015-жылы Кыргыз мамлекетинин прокуратурасынын өкүлдөрү АКШнын Алабама штатына келип, өзү менен жолукканын айткан.