Бишкекте айдоочу Тойота үлгүсүндөгү унаасы менен 12 жаштагы кызы экөө бараткан аялды сүзүп кетти. Жол кырсыгы 7-сентябрда Чүй жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталганын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан кабарлашты. Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен кыз окуя болгон жерде каза болсо, анын апасы оор абалда ооруканага жеткирилди.
Ал эми айдоочуга карата экспертиза дайындалып, унаасы айып аянтчасына токтотулду. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатат.