Чолпон-Ата шаарындагы Улуу көчмөн күрөшү боюнча мелдеште орусиялык балбан жеңишке жетти. Ал 1 миллион сом, аргымак жана чемпиондук кур менен сыйланды

Бүгүн, 8-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталат. Көчмөндөр оюндарынын акыркы күнүндө Чолпон-Ата шаарында тогуз коргоол, интеллектуалдык оюндар жана Улуу көчмөн күрөшү боюнча мелдештер орун алат. Ал эми кечки саат 20:00дө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу жабылыш аземи өтөт.

Бүгүнкү күндөгү программадан Улуу көчмөн күрөшү боюнча беттешти түз алып беребиз.

11:33. Учурда балбандарды манасчылар тааныштырууда. Бул Улуу күрөштүн өзгөчөлүгүнүн бири. Оюндун башында манасчылар Кошой менен Жолойдун күрөшүн баяндап айтышат. Улуу күрөштүн дагы бир өзгөчөлүгү балбандар боз үйдөн чыгып, кармашат.

11:47. Бүгүнкү мелдештин алып баруучусу Эрмек Нурбаев болуп, балбандар менен тааныштырып турмакчы.

11:48. Оюн алдында балбандарга дем берген акындардын айтышы болмокчу. Алардын арасында Аалы Туткучев дагы бар.

11:55. Катышуучулар килемге чүчү кулак үчүн чакырылды. Килемге чыккан биринчи балбан орусиялык Мусса Галиамов болду. Ал алыш күрөшү боюнча мелдештин жеңүүчүсү. 2-болуп килемге кыргыз балбаны Нурбек Кожобеков чыкты. Ал ашыртмалы аба күрөш боюнча мелдештин жеңүүчүсү. Нурбек Кожобеков чүчү кулакта 6-номерди кармады.

11:56. Кийинки балбан түркмөнстандык Арслан Ыбрайымгулуев. Ал гореш боюнча мелдештин жеңүүчүсү. Арслан Ыбрайымгулуев чүчү кулакта 8-номерге ээ болду.

11:58. Кийинки балбан түркмөнстандык Аннамурат Мурадов. Бул балбан гуштини милли камарбанди боюнча мелдешти утуп алган. Ал 3-катар санында чыгат.

11:59. Килемге тажикстандык Фарход Анакулов чакырылды. Анакулов гюлеш боюнча мелдештин абсолюттук чемпиону аталган. Ал 13-катар санындагы чүчү кулакты тандады.

12:00. Кийинки балбан монголиялык Серик Беретмурат болду. Ал казак күрөшү боюнча мелдештин чемпиону. Беретмурат 8-катар санындагы чүчү кулакты алып чыкты.

12:02. Килемге кытайлык Геделефу Ву чакырылды. Ал кураш боюнча мелдеште жеңүүчү болгон. Чүчү кулакта 2-катар санын алды.

12:03. Кийинкилерден болуп кыргыз балбаны Тилек Куралов. Бул спортчу кыргыз күрөшү боюнча мелдештин чемпиону. Ал 4-катар санындагы чүчү кулакты алып чыкты.

12:05. Кезек монголиялык балбан Дорж Анарга жетти. Ал 9-катар санында килем үстүнө чыгат.

12:06. Килемге Ирандын балбаны Жабер Садежзаде чакырылды. Ал пахлавани боюнча мелдештин жеңүүчүсү. Ирандык балбан 5-катар санындагы чүчү кулакты алды.

12:07. Кийинки спортчу Өзбек балбаны Бегзат Карипов болду. Карипов көчмөн оюндарында самбо боюнча мелдешти утуп алган. Чүчү кулакта 7-катар санына ээ болду.

12:08. Килемге орусиялык Мерген Монгуш чыкты. Ал ссирым боюнча мелдеште жеңүүчү аталган. Монгуш 1-катар санында чүчү кулакты алып чыкты.

12:09. Акыркы спортчу килемге чакырылды. Ал орусиялык Айдын Монгуш болду. Бул балбан сумо боюнча мелдештин жеңүүчүсү.

12:14. Улуу балбан күрөшү ачык деп жарыяланды. Мелдеш бир нече мүнөттөн кийин башталат.

12:18. Чүчү кулактын жыйынтыгына ылайык, алгач кыргыз балбаны Тилек Куралов менен ирандык Жабер Садежзаде күч сынашат.

12:35. Бул кармашта таза жеңишке ирандык балбан жетти. Тилекке каршы, Тилек Куралов жеңилүү ызасын тартты.

12:37. Кийинки беттеште Нурбек Кожобеков менен Бегзат Карипов күч сынашат.

12.39. Азамат! Нурбек Кожобеков атаандашын 15 секунддун ичинде таза жеңиш менен утуп алды.

12:41. Кийинки беттеште монголиялык Серик Бередмурат менен монголиялык Дорж Анар кез келет. Дорж Анар беттеш башталары менен атаандашын утуп алды.

12:43. Килем үстүндө түркмөнстандык Арслан Ыбрайымгулуев менен орусиялык Мусса Галиамовдун беттеши орун алмакчы.

12:47. Бул беттеште түркмөнстандык балбан жеңүүчү болуп, чейрек финалга өттү.

12:49. Азыр жарым чейрек финалдын акыркы беттеши орун алат. Анда орусиялык Айдын Монгуш менен тажикстандык Фарход Анакулов күч сынашат.

12:50. Орусиялык балбан атаандашына каршы ыкма колдонуп жеңишти илип кетти.

12:51. Саналуу мүнөттөрдөн кийин чейрек финалдык беттештер башталат. Анда алгач орусиялык Мерген Монгуш менен кытайлык Геделефу Вунун беттеши өтөт.

12:55. Жеңишке кытайлык балбан жетип, жарым финалга чыкты.

12:56. Азыр чейрек финалдык беттештин алкагында Аннамурад Мурадов менен ирандык Жабер Садежзаденин беттеши орун алат. Бул жарым финалга чыгуу үчүн беттеш.

13:00. Ирандык балбан экинчи жолу жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алды.

13:01. Кийинки беттеште кыргыз балбаны Нурбек Кожобеков менен монголиялык Дорж Анар күч сынашат.

13:09. Балбандардын кармашы 5 мүнөткө созулуп, тыныгуу жарыяланды. Кармаш тыныгуудан кийин кайра уланат. Айта кетсек, монголиялык балбандын салмагы Кожобековдон 30 килограммга оор.

13:10. Тилекке каршы, балбаныбыз утулуп калды. Жарым финалга монголиялык балбан чыкты.

13:12. Кийинки беттеште түркмөнстандык Арстан Ыбрайымгулуев менен орусиялык Айдын Монгуш күч сынашты. Анда Айдын Монгуш 2 секундда атаандашын утуп алды.

13:16. Бир аз убакыттан кийин жарым финалдык беттештер башталат. Анда кытайлык Геделефу Ву менен ирандык Жабер Садежзаде беттешет.

13:18. Жарым финалдык беттештер башталды. Кытай менен Иран өлкөлөрүнүн балбандары килем үстүнө чыгышты.

13:25. Алгачкы финалга өткөн балбан аныкталды. Ирандык балбан Жабер Садежзаде атаандашын эки жолу килемдин чийининен чыгарып жеңишке жетти.

13:24. Экинчи жарым финалдык беттеште монголиялык Дорж Анар менен орусиялык Айдын Монгуш кез келет.

13:31. Айдын Монгуш атаандашын утуп финалга чыкты. Эми ал ирандык балбан менен күч сынашат.

13:51. Финалдык беттеш башталды. Орусиялык Айдын Монгуш менен ирандык Жабер Садежзаденин кимиси күчтүү экенин бир нече мүнөттөрдөн кийин билебиз.

13:53. Ирандык балбан атаандашынын бутунан кармап, ыкма колдонуу аракетин көрөм деп орусиялык балбандын чолок шымын айрып алды. Беттеш орусиялык балбан чолок шымын алмаштырганда уланат. Беттеш уланууда.

13:59. Алгачкы бөлүктө жеңүүчү аныкталган жок. Жеңүүчү 2-бөлүктө аныкталмакчы.

14:02. 2-бөлүктө орусиялык балбан жеңүүчү болду. Муну менен Айдын Монгуш Улуу көчмөндөр оюндарынын китебинде жазылып, кийинки көчмөндөр оюндарында титулун коргойт. Мындан тышкары ал 1 миллион сом акчалай байгеге, чемпиондук курга жана аргымакка ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан