"Никко Монтано беттешүүдөн атайын качып жатат" деди Валентина Шевченко. Бул тууралуу ал интернеттеги жеке баракчасына жазып чыкты.
Ошондой эле мушкер беттештин болбой калганына капаланып жатканын билдирген.
"Атаандашым башынан бери ушундай планды койгон. Таймашка чыгууга башында ишенимдүү болгону менен акыркы мүнөттөрдө качып кетүүдө. Ден соолугу боюнча таратылган маалыматка ишенбейм, ачык машыгуу учурунда ал эң жакшы абалда экени көрүнгөн. Монтанонун бул кадамы профессионалдуулукка жатпайт", - деп жазган Шевченко өз баракчасына.
Бүгүн, 8-сентябрда америкалык кур үчүн Кыргыз өлкөсүнөн чыкккан мушкер Валенитина Шевченко америкалык мушкер Никко Монтано менен беттешмек. Бирок Никко Монтанонун беттеш алдында ден соолугу начарлап, ооруканага жеткирилгендиктен, беттештин мөөнөтү жылдырылган.