Бишкек-Ош, Бишкек-Талас жана Ош-Эркеч-Там унаа жолдорунда күнү-түнү иштөөчү медпункттар ачылды

Кыргызстандын айрым унаа жолдорунда жол кырсыктарынан жана ар кандай кырдаалдарда күнү-түнү тез жардам берчү медициналык пункттар ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ачылган пункттар учурда толугу менен дары-дармек, керектүү материалдар менен камсыз болду. Медициналык пункттар төмөнкү аймактарда ачылды: 
1. Бишкек-Ош жолунун Токойлуу айылында (Суусамыр өрөөнү) 
2. Бишкек-Талас жолунун Талды-Булак айылында 
3. Ош-Эркеч-Там жолунун Сары-Таш айылында (Алай району) 
Аталган аймактарда медициналык жардамга муктаж болгондор 103 номуруна чалып, медициналык жардам ала алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан