Колу сынып ооруканага түшкөн 8 жашар кыз Бишкекте каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алгач 8 жашар Мадина аттуу кыз Чолпон-Атадагы бириктирилген ооруканага келген.
"Мадинаны чоң энеси Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага колун сындырып алганына 2 күн болгондо алып келген. Дарыгерлер сынган колго гипс коюп 5 күндөн кийин кайра небересин алып келүүсүн айтышкан. Бирок 5-күнү кыздын дене табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип баштаган. Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кыз оор абалда келип түшкөн. Ал маалда кыздын колу чирий баштаган. Дарыгерлер дароо операция жасап кыздын колун кесишкен. Кыздын абалы турукташканы менен бүгүн, 10-сентябрь күнү таңга маал көз жумган", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Ошондой эле азыркы тапта Чолпон-Атадагы бириктирилген ооруканасынын дарыгерлеринин ишине баа берүү үчүн комиссия түзүлгөн. Кыздын ата-энеси Москвада эмгектенгендиктен ал чоң энеси менен жашап жатканы маалым болду.