
Кыргыз жергесинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, учурда бул долбоордун автору ким экени кызуу талкууда. I Көчмөндөр оюндары 2012-жылы экс-президент
Алмазбек Атамбаевдин тушунда өткөн. I жана II Көчмөндөр оюндары өтөр алдында көп сындар айтылып, Атамбаев бүт соккуну өзүнө алганда, бул долбоорду азыр мактап жаткан саясатчылардын көпчүлүгү унчуккан эмес. Бирок Көчмөндөр оюндары Кыргыз элин жакшы жагынан көрсөткөн жалгыз жана дүйнөлүк деңгээлдеги долбоор болгонун мезгил өзү далилдеп отурат.
SUPER.KG порталынын
"Атамбаевдин бул эмгегин кантип бааласа болот?" деген соболуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары
Максат Чакиев жооп берди.
Ал Көчмөндөр оюндарынын автору кыргыз эли экенин айтты.
"Экс-президент Алмазбек Атамбаев Көчмөндөр оюндарынын автору эмес. Ал болгону Кыргыз өлкөсүнүн атынан Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин саммитинде бул оюндарды демилгелеген. Долбоордун автору мен да эмесмин, анткени оюндар кылымдар бою ойнолуп келген. Биз болгону кайра калыбына келтирип, ыңгайлаштырып, жакшыртканбыз. Көп адамдар оюндарды фестиваль сыяктуу ишке ашыргысы келген. Биз мамлекеттер аралык спорттук форматтагы иш-чара катары өткөрүүнү туура көргөнбүз. Олимпиадага альтернатива ойлоп табуу каалообуз мени жана кесиптештеримди "Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" долбоорун түзүүгө түрткөн. Аны ишке ашырууга жалпы кыргыз эли жардам берген", - деди Чакиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары
Рыскелди Момбеков, Тазабек Икрамов, Кожобек Рыспаев, Аида Касымалиева, укук коргоочу
Рита Карасартованын пикири төмөнкү
шилтемеде.