Депутат Аида Касымалиева: "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ушул деңгээлге жетүүсүнө бардык уюштуруучулардын салымы бар"

Кыргыз жергесинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, учурда бул долбоордун автору ким экени кызуу талкууда. I Көчмөндөр оюндары 2012-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда өткөн. I жана II Көчмөндөр оюндары өтөр алдында көп сындар айтылып, Атамбаев бүт соккуну өзүнө алганда, бул долбоорду азыр мактап жаткан саясатчылардын көпчүлүгү унчуккан эмес. Бирок Көчмөндөр оюндары Кыргыз элин жакшы жагынан көрсөткөн жалгыз жана дүйнөлүк деңгээлдеги долбоор болгонун мезгил өзү далилдеп отурат. SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин бул эмгегин кантип бааласа болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева жооп берди.
Анын айтымында, Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча чечим 2012-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинде кабыл алынганын айтып, ошондон бери уланып келе жатканын белгиледи.
“Бул жолу деле акча боюнча сындар болуп жатты. Көчмөндөр оюндарын 4 жылда бир өткөрүү керектигин айткандар болгон. Бул жолу Көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө өткөрүп бердик, бул брендге айланганын байкадык. Иш-чаранын туризм, экономика тармагына кошкон салымы боюнча жакшы иликтөөлөр жүрүшү керек. Учурда андай иликтөөнү көрө элекмин. Көп турист келди. Туристтер эртеси эле эмес, бир жарым жылдан кийин дагы келиши мүмкүн. Анын пайдасын кантип эсептөө керектиги боюнча өкмөткө дагы ушундай тапшырма берилүүсү зарыл.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ушул деңгээлге жетүүсүнө бардык уюштуруучулардын салымы бар. Бул оюндар брендге айлана алды. Быйылкы жылы өткөн Көчмөндөр оюндары дагы жакшы өттү. Көптөр уланбай калат деп айтышкан, бирок өтүп жыйынтыкталды”, - дейт Касымалиева.
Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Кожобек Рыспаев, Тазабек Икрамов, маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев, укук коргоочу Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан