Ырчы Дайыр Исмадияровдун Инстаграм социалдык тармагындагы жеке баракчасы верификация белгисин алды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Мурда Инстаграмга анчейин деле көңүл бурчу эмесмин. Башкалар күн сайын сүрөт киргизсе, мен 3 күндө бир сүрөт жүктөп койчумун. Бүгүн аккаунтумду верификация кылгандан кийин, мындан ары баракчама көбүрөөк көңүл бурсам деген ойдо калдым. Баракчамды верификация кылууну алгач Канат Кадыржан сунуш кылган. Тиешелүү документтерди жибергенден 1 жума өткөн соң баракчам расмий түрдө белгиге ээ болду. Азыр ырчылардын көбү телефон чалып, верификациядан өтүүнүн жол-жобосун сурап жатышат. Баарына түшүндүрө берип, азыр эч кимге айтпай эле койсомбу деп ойлоп калдым", - дейт күлүп.
Айта кетсек, август айынын соңунда Инстаграм сервисинин иштеп чыгуучулары колдонуучулардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун күчөтүү максатында колдонуучунун өтүнүчү менен баракчаны верификация кылуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгышкан. Аталган белги кыргыз эстрада жылдыздарынын арасынан алгачкылардан болуп миллион катталуучу топтогон ырчы Самара Каримовага берилген.