Укук коргоочу Рита Карасартова: "Көчмөндөр оюндарындагы Атамбаевдин ролу - президент болуп калгандыгы гана"

Кыргыз жергесинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, учурда бул долбоордун автору ким экени кызуу талкууда. I Көчмөндөр оюндары 2012-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда өткөн. I жана II Көчмөндөр оюндары өтөр алдында көп сындар айтылып, Атамбаев бүт соккуну өзүнө алганда, бул долбоорду азыр мактап жаткан саясатчылардын көпчүлүгү унчуккан эмес. Бирок Көчмөндөр оюндары Кыргыз элин жакшы жагынан көрсөткөн жалгыз жана дүйнөлүк деңгээлдеги долбоор болгонун мезгил өзү далилдеп отурат. SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин бул эмгегин кантип бааласа болот?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.

Карасартованын айтымында, Көчмөндөр оюндарындагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ролу – президент болуп калгандыгы гана.

"Эки ирет Көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүндө Алмазбек Атамбаевдин ролу - анын президент болуп калгандыгы гана. Кайсы президент болсо да бул долбоорго колдоо көрсөтмөк, тийиштүү иштерди жасамак, ошол эле акча кетмек. Болгону Атамбаевдин тушуна туура келип калды. Бул долбоор илгертеден даярдалып келе жаткан, анын өзгөчө деле ролу жок. Учурда Көчмөндөр оюндарына башка өлкөнүн президенттери келди, оюн башка өлкөгө өткөрүп берилди, бул жакшы нерсе. Көчмөндөр оюндарын өткөрүү жергиликтүү бийликтин моюнуна түшкөн чоң маселе, биз үчүн той болгону менен алар үчүн жумуш, канчалаган чыгым кетет. Бир жагынан улутту даңазалаганы менен ошондой нерселерин ойлогондо жүрөк ооруйт", - деди Карасартова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Тазабек Икрамов, Аида Касымалиева, Кожобек Рыспаев, маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан