super.kg logo

Анапа шаарында өткөн "Киношок" фестивалында Кыргыздын "Мунабия" тасмасы Гран-Прини жеңип алды

 

Орусиянын Анапа шаарында өткөн "Киношок" фестивалында Кыргыздын "Мунабия" тасмасы Гран-Прини жеңип алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын кинематография департаменти кабарлады.

Маалым болгондой, Таалайбек Кулмендиев режиссёрлук кылган "Мунабия" тасмасы баш байгеден сырткары "Мыкты сценарий" наамын да утуп алган.

Тасмада Мунабия аттуу кыздын окуясы чагылдырылган. Ал өзүнүн сүйүүсүн сактап калуу үчүн канчалаган сыноолорду баштан кечирет. Аталган каармандын ролун белгилүү актриса жана модель Мээрим Атантаева чагылдырган.

Ошондой эле Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы да аталган фестивалдын "Мыкты операторлук иш" жана "Мыкты музыка" наамдарына татыган.

Белгилей кетсек, "Киношок" - бул Балтия жана КМШ өлкөлөрүндө жыл сайын өтүүчү кинофестиваль. Ал быйыл Орусиянын Анапа шаарында 26-ирет өткөрүлдү.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.09.2018. 21:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
27-11-2013
Соӊку аракети:
26-10-2018 08:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллага Шукур! Жакщы жанылыкдагы окуйт экенбиз а?
10.09.2018. 21:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
11-03-2013
Соӊку аракети:
16-10-2018 18:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
ооо сонун жанылык,мен азыркы тапта ушул шаарда иштеп жатам жаздан бери)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117864;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: