"Рик жана Морти" мультфильми жылдын мыкты анимациясы деп табылды

Жылдын мыкты телепрограммаларына ыйгарылган "Эмми" сыйлыгы өз ээлерин табууда. Бул ирет аталган сыйлык анимациялык берүүлөргө ыйгарылган. Анда америкалык "Рик жана Морти" фантастикалык мультфильми жылдын мыктысы деп табылды. Мультсериал карыган профессор Рик Санчес жана анын небереси Морти Смиттин окуяларын баяндайт.

Фантастикалык мультсериалдын жаратуучулары Дэн Хармон жана Жастин Ройланд берүүнүн 3-сезонунда визуалдык эффектерди жогорку деңгээлде колдонгону үчүн сыйлыкка ээ болгон. Ал эми кыска метраждуу мультсериалдардын ичинен "Робоцып" мультфильми мыкты деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан