Жактоочу: "Эки жыл мурун 13 жашар кыздын зордукталганы боюнча кылмыш иши козголгон жок. Бул арада ал бир нече жолу жанын кыюуга аракет кылган"

Бишкекте мындан 2 жыл мурун 13 жаштагы кыз зордукталган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши козголбой келет. Бул тууралуу 11-сентябрда жабырлануучу тараптын жактоочусу Арман Кыйгырова билдирди.

Окуя 2016-жылы Бишкектеги соода борборлорунун биринин дааратканасында орун алган. Ысык-Көлгө эс алып келген жабырлануучу кыз шаарга келген соң лагерге бирге барган кыз-балдар менен киного барышкан. Ал жакка лагерде жол көрсөтүүчү бала да барган.

"Кино башталган соң 15 мүнөттөн кийин кыз үстүнө сок төгүп алып, колун жууганга чыккан. Артынан кылмышка шектүү кирип күч колдонуу менен аны зордуктаган. Кийин кызды коркутуп, эч кимге айтпоону билдирген. Кыз коркуп эч кимге айткан эмес. Кийин кыздын апасы анын денесинде лезвие менен тилинген жазууларды көрүп аны суракка алган. Кыз окуя тууралуу айтып берген.

Алар милиция кызматкерлерине кайрылышканда ишти Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү Тукешов тергеген. Бир нече жолу кыз милицияга чакырылып, бирок суракка алынган эмес. Кылмыш иши да козголгон эмес. Тергөөчү кылмыш ишин козгоодон 3 ирет баш тарткан. Жабырлануучу бир нече жолу өз өмүрүн кыюуга аракеттенген. Кыздын берген көрсөтмөлөрү эске алынбастан, өспүрүм кыз психикалык жактан жабыркаганына карабастан бул иш каралбай келүүдө", - дейт жактоочу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ady-88
2018-09-11 12:22:47
Акчанын кучу да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан