10-сентябрь күнү Бразилиянын Праиба штатынын Жуан-Песоа шаарында жайгашкан абактан жасаган кылмышы үчүн эркинен ажыратылган 105 адам качып кетти. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, алгач куралчан топ адамдар абактын дарбазаларын жардырып, күзөт кызматындагыларга ок чыгарган. Жыйынтыгында бир аскер адамы оор жаракат алган. Орун алган баш аламандыктан пайдаланып эркинен ажыратылган 105 адам качып кетүүгө үлгүргөн.
Азыркы тапта полиция кызматы 46 адамды издеп табышкан, ал эми калгандарын издөө иштери уланууда. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жазасын өтөп жатып качып кеткендердин бардыгынын сүрөтүн жарыялап, абактан массалык түрдө качуунун жагдайлары иликтене баштаганын билдирген.