"5-6-класста окуган кыздар мектепке хиджап менен келсе сынга кабылууда. Бул алардын өздөрүнүн каалоосу беле", - деп сурады депутат Исхак Масалиев УКМКнын өкүлүнөн.
УКМКнын өкүлү хиджап кийген кыздардын ата-энелери бул кадамга макул болсо маселе жок экенин айтты.
Масалиев: “Мектепте 5-6-класстын кыздары хиджап кийип жүрөт. Буга байланыштуу аларды кээде бөлүп жатышат. Алар өздөрүнүн эмес, ата-энесинин каалоосу менен бул кадамга барып жатышат. Бул жаатта ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Хиджап кийип келген кыздарды мектепке киргизбеген директорго жаназасы окулбасын деп жатышат. Бул “өлүп кет” дегени да", - деди ал.