Коопсуздук кеңеши: "Эрдогандын аялы Көчмөндөр оюндары учурунда унаа тыгынында калып калган. Күнөөлүүлөр жазаланат"

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын Кырчын жайлоосунан кайтуу учурундагы жол тыгынында калып калганы боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

"Түркия президентинин жубайы унаа тыгынында кармалып калышы жакшы эмес көрүнүш болду. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө башталган. Анын жыйынтыгына ылайык аталган ишке жооптуу адамдарга тиешелүү чаралар көрүлүп, керек болсо алар кызматынан бошотулушу мүмкүн", - деди Сагынбаев.

Эрдогандын аялы Кырчында унаа тыгынында калганы үчүн күнөөлүүлөр жазаланат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
madina.87
2018-09-12 14:30:27
Эрдогандын аялы өтөт деп жол жабылып отуруп,бир татынакай наристебизден айрылдык,көчмөндөр оюну башталып,жол жабык деп үйдө алып олтурган экен эне байкуш,небересин ооруканага алып бара албай....Ошол врачтарды иштен бошоткула,жазага тарткыла,камалсын күнөлүүлөр!!!
+8
Mrbektur
2018-09-12 14:35:06
Jumushtan maida chuidolorun aldy chondor ketken jok
+2
kenje-888
2018-09-12 15:33:56
жакшы шылтоо болуптур
0
taalay25
2018-09-12 15:42:39
Аяш кыйын жагдайда калган экен да
0
Natun
2018-09-12 15:44:42
Ар бир кызматкер өзүнүн милдетин так аткарышы керек. Шалаакылык мамиле кылгандар жазасын алсын. Эрдогандын сапары оюнчук эмес да
+6
Erik2018
2018-09-12 15:47:27
Эми бул жерде министрлердин дагы чоң катасы бар. Баарына убакыт алып, ченем анан жол коопсуздугун алдын алса болмок. Алыстан атайын сыйлуу конок болуп келишсе аларды бушайманга салуунун кажети жок.
+6
tnz
2018-09-12 15:48:27
Бул боюнча тиешелуу органдардагы кызматкерлерге чара корулушу керек, кийин кечирет деп карабай коюушу мумкун болгону бир кун боло турган нерсеге да ушундай мамиле жасайбы ошочосу ошол жерде журуп
+4
titanik32
2018-09-12 16:18:43
Кырчын жайлоого өтө жогорку мейманды вертолёт менен алып барып келиш керек болчу.Мен билгенден былтыры Сапар Ош Жалал абадга келгенде Сапарды ташыган вертолёт кайда?Ошондой окуялар болуп кетбеш үчүн бир тик учак даяр туруу керек.(ансыз да бүгүн бир тик учак кулады Көлдө)Көчмөндөр оюну дүйнөлүк болуп жатса,ага бара турган жол бирөө болсо,дүйнө жүзүнөн адамдар келип жатса бир жол менен тыгын болбой анан эмне болмок.Бирок шалаакыиш кылгандарды ишинен алып чектелбей,сот жообуна тартуу керек
+8
Benazir08
2018-09-12 16:50:51
Женебиз аябай сулуу го
+2
aydinnur
2018-09-12 16:58:59
Ай ХХХХХХ ушу да проблемабы
-1
Snejana
2018-09-13 01:28:56
Ой эми... койгулачы. Андан башка деле проблемаларды чечип алгылачы.
-1
Erik2018
2018-09-13 10:01:27
Ал абалды жакшы иликтеп карап чыгуу керек, Бир сети атуу баштуулар келгенде мындай абалдын жаралышы уят, Бир сети по жакта болгон адамдар билет унаалардын айдоочуларын башкаруу отопления эле кыйын болуп калды. Албетте баштады айтылгандай элдерди ташып жеткиришмек, андай болбогондон учун бул кырдаал жаралды деп ойлойм. Ар Ким озуно тийиштуу чара корулот чыгаар
-1
Natun
2018-09-13 10:02:54
Келген конокту жогорку денгээлде тосуп алуу, узатуу биринчи милдет
+1
tnz
2018-09-13 10:05:08
Корунуп эле турбайбы ошол жол кыймылды жонго салалбагандарга чара коруш керек жумушунан томондотупбу ушул сыяктуу
+1
Makedonia
2018-09-13 15:42:18
Карызыбыз ХХХХХХ куюлуп жатканда, миллиондорду жумшап мындай той откоруунун озу туура эмес болчу. Ага кеткен акчаны мектеп курууга, оорууканаларды курууга жумшаса жакшы болмок. Ошончолук эле уюштургунар келсе 4-5 жылда бир уюштуруп койсонор деле болмок. Кантсе да кыйратып уюштуруу колунардан келбейт экен. Же жол маселеси ондуу чечилбеди, же туалет жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан