Индонезияда аялдарга эркектер менен бирге тамактанууга тыюу салынды

Индонезиянын Ачех провинциясында аялдарга эркектер менен бирге отуруп тамактанууга тыюу салынды. Мындай жол менен бийлик өкүлдөрү кыздардын коопсуздугун күчөтүүнү көздөп жатышканын чет элдик басылмалар жазууда.

Маалым болгондой, аталган мыйзам коомдук тамактануучу жайларда иштейт. Жергиликтүү ислам иштери боюнча башкармалыктын жетекчисинин айтымында, аялдар эркектер менен коомдук жайларда бирге отуруп тамактануусу шариатка туура келбейт. Аял кишиге күйөөсү жана жакын туугандары менен тамактанууга уруксат берилген.

Ошондой эле аталган мыйзам аялдардын коопсуздугун камсыздап, шариатта жазылган мыйзамдарды бузбай, бекем сакташына өбөлгө түзөт. Аталган мыйзам түштөнүү учурунда эркек жана аял кесиптештердин бирге тамактануусуна да жол бербейт. Мындан сырткары коомдук жайга саат 21:00дөн кийин эркек тууганынын коштоосу жок келген аял кишиге кызмат көрсөтүлбөйт.

Ачех провинциясы Индонезиядагы ислам полициясы бар жалгыз аймак. Шариат мыйзамдарын мусулмандар гана эмес, бардык тургундар сактоосу зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
monster_high_98
2018-09-12 15:20:04
Ушулардыкы отту,,,
-22
i1urp
2018-09-12 15:21:39
Мына сага Чубактын коздогону буларда ишке ашып жатыптыр да. Исламдын тупку идеялогиясы ушул да жана коркунучтуу. Мечиттин коптугу ушуга алып келет. Элдин светтик тушунугун которуу зарыл. Биздин сакалчандардын коздогону ушул гана болуп жатат.
-23
sinej
2018-09-12 15:39:46
Бир дагы диндин Кудай менен эч байланышы жок. Ислам дини ушинтип аялардарды болуп, укук бербей басмырлоого багытталган идеялогия. Исламдагы кооз идеянын артында ушундай арабтардын саясаты жатканын эл билиш керек. Дин болушунча индонезиялыктарды карангылыка такап таштаган экен. Эч кандай логикасы жок эле аял эркекти болбош керек.
-22
erkeleim
2018-09-12 16:48:12
sinej,туура кабыл алдым.эч кандай басынтуу жок наоборот кыз келиндерди жаман коздон коргоп жатат. Эн туура бизде да саат 22.00дон кийин кыздарды жолго жалгыз чыкканы запрет койсо жакшы болмок. Кечээгинде эле кордук го кыздарды туну сабалганын
+21
yrmat88
2018-09-12 15:52:46
Айла жок. Динден тапкан пайдалары ушул экен да булардын. Эми коомдо аялдардын ролу созсуз томондойт.
-25
elebes86
2018-09-12 16:08:19
Аялдар озунор куноолусунор. Молдолордун ойлоп тапкан мыйзамын, Кудайдын мыйзамы экен деп ишенип журосунор. Динди пайдаланып молдолор элдин устунон устомдук кылган программа. Молдолор айтып жаткан создор чын эле Кудайдын созубу же жокпу? Айтор оздоруно суроо берген киши жок.
-22
Merelisha
2018-09-12 16:25:52
ХХХХХХХ Аллахым хидаят берсин деп дуа кылам.
+17
Benazir08
2018-09-12 16:41:05
Жман урушупсунар го! Ушул урушуп куйуп бышканынарды бул Индонезия окуп жатат бекен?! Мынча болдунар.?
+1
nuri1
2018-09-12 16:43:53
Жогоруда бироого 100% кошулам. Динди пайдаланып Чубака жана Абдышукурго окшогондор коомго, мамлекетке, бийлике, светтик адамдарга, атеисттерге жана аялдарга катуу устомдук кылып жатышат. ГКНБ буларды катуу козомолдоп койгулачы.
-18
ailin_2017
2018-09-12 16:55:32
Ойлонуп суйлойлу туугандар жакшы кылышыптыр бизде да ошондой кылса жакшы болмок
+12
orun
2018-09-12 17:04:25
Мин каршы чыгып бут тосконунар менен Ислам дини онуугунун гана устундо. Гилтейген СССР убагында да онугуп келди. Дагы да онуп осо берет.
+12
admin_superstan
2018-09-12 17:34:55
Темадан алыс билдирүүлөр, жеке айтышуулар тазаланды! Порталдын эрежелерин сактагыла!
0
zhaku2017
2018-09-12 18:22:23
Негизи Ислам дининде Кудайдын мыйзамдары жазылганбы жэ арабтардын гана мыйзамдары жазылганбы? Молдолор бизге чын эле Кудайдын мыйзамын айтып жатышабы же Кыргызстанга арабтардын мыйзамдарын орноткулары келип жатабы? Озум мусулман болсом дагы Чубактын созуно эч кошулбайм. Мен учун Кудайдын бир гана мыйзамы бар - ал толерантуу, адамкерчиликтуу бол! Калганы мен учун арабтардын мыйзамы.
-1
zhaku2017
2018-09-12 18:30:18
Намаз окуган жаштардын массасын пайдаланып, озунун мыйзамдарын таануулап жаткан молдолорго катуу жаза керек.
-1
PROS
2018-09-12 18:32:08
Индонезия мусулман өлкө, шариат мыйзамын сакташат, мен да башка мусулмандардай эле өз аялымдын бөтөн эркек менен жакындашуусун каалабайм, бизде да 90% мусулмандар жашайбыз, атеисттер 1%. ХХХХХХХ
+8
Missing-u
2018-09-12 19:02:14
PROS,атеистпи же чыныгы мусулманбы Аны Бир Кудай болот сиз,мен же башкасы антип болгону укугубуз жок тууганым. Аялыныз уйдо жалгыз калып баланыз тундо ооруп калса,аптека же больницага барса куйоон жок деп карабай койсочу?
+1
monster_high_98
2018-09-12 19:13:05
PROS, Ошондо калган 9%тти жутуп жибердинби?Эй корооче мындай жомокторунду тункусун балдарына айтып берчи, кичине акылдуу корунуп
0
zhaku2017
2018-09-12 20:03:59
PROS,
Сен айткан 90% нин 5% диний фанаттар. Калгандары светский адамдар. Светтик мамлекетте жашагылары керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан