Вьетнамда окуучу кыз экзаменге даярдануу учурунда көп ойлонуп, сарсанаа болгондуктан жүзүнөн кан аралаш тер чыккан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, 11 жаштагы окуучу кыз экзаменге даярдык көрүү учурунда көп ойлонуп, санаа тарткандыктан, анын жүзүнөн кан аралаш тер чыккан. Мындай көрүнүш күнүнө 3-4 жолу кайталана берген. Кыздын ата-энеси дарыгерге кайрылып, бул оору гематидроз деп атала турганы маалым болгон. Дарыгерлердин айтымында, адам көп ойлонуудан стресске кабылганда, кан менен тер аралашып, жыйынтыгы аталган ооруга алып келет. Бул оору адам өмүрүнө көп деле коркунуч туудурбайт, аны айыктыруунун жалгыз жолу - стресстен арылтуу.
Учурда окуучу Вьетнамдагы ооруканалардын биринде стресстен арылуу боюнча дарылануу курсунан өтүп жатканы маалымдалат.