Окумуштуулар адам толгон сайын кабыл алуусу начарлай турганын аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, америкалык окумуштуулар атайын изилдөө жасашкан. Ал үчүн чычкандар пайдаланылган. Тактап айтканда, кемирүүчүлөрдү 2 топко бөлүп, биринчи топту калориясы күчтүү, экинчи топту калориясыз азыктар менен багышкан. Биринчи топтогу чычкандар 3 айдын ичинде экинчи топтогуларга караганда 40 пайызга көбүрөөк салмак кошкон. Андан соң окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, арык чычкандарга караганда, толуктардын кабыл алуусу бир топко начар болуп, көп нерсеге кеч реакция кыла турганын аныкташкан.
Жыйынтыгында бул көрүнүш адамдарда да дал ушундай боло турганын, толуктарга караганда арык адамдар бир топ акылдуу экенин айтышкан.