2013-жылдын 1-сентябрынан баштап өлкөдөгү бардык орто мектептер республикалык бюджеттен каржылана баштайт
Парламенттеги “Республика” фракциясы октябрь айында
Кыргызстандын бардык орто мектептерди 2013-жылдын 1-сентябрынан баштап
республикалык бюджеттен каржылоо маселесин карап, тиешелүү чечимди өкмөткө жолдогон. Бул чечимди Билим берүү жана илим министри Канат
Садыков менен Каржы министри Ольга Лаврова талкуулап, чынында эле мектептерди
айыл округдарынын бюджетинен эмес, республикалык бюджеттен каржылоо иштөөгө ылайыктуу
деген бүтүмгө келишти. Билим берүү министрлиги ага чейин райондук билим
берүү бөлүмдөрүндө борборлоштурулган бухгалтерияларды түзүп, аларды жабдуу жана
кадрлар менен камсыздоо иштерин жүргүзмөкчү.