Дүйнөдөгү эң бактылуу жана эң бактысыз жарандар жашаган өлкөлөр аныкталды

Дүйнөдөгү эң бактылуу жарандар Латын Америкада, башкача айтканда, Парагвай, Колумбия, Сальвадор мамлекеттеринде жашайт. Мындай маалыматты коомдун пикирин изилдеген америкалык Gallup институту таратты.

Маалыматка караганда, аталган 147 өлкөнүн 145 миң жаранынан сурамжылоо жүргүзгөн.

"Аталган сурамжылоо 2017-жылга таандык. Изилдөөнүн жыйынтыгында, Борбордук Африка Республикасы эң бактысыз жарандардын өлкөсү деп табылган. Андан кийинки орундарда Ирак, Түштүк Судан, Египет жана Иран мамлекеттери турат" деп жазылат билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, Кыргыз өлкөсү аталган рейтингде ортоңку орунду ээлеп турат. Колумбия университетинин "World Happiness Report-2017" аттуу изилдөөсүндө Кыргыз мамлекети 98-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baatirbek81
2018-09-13 09:56:37
Биздин кыргызстандан өткөн бактылуу өлкө жок.эгер кыргыз жергесинде баардык жарандарыбыз пейилдерибизди оңдосок.
+13
toktor89
2018-09-13 20:20:21
Baatirbek81, +деп атып минуска кетип калды. Сага класс
0
Parish
2018-09-13 13:16:59
Кыргызстаныбызга коз тийбесин ту-ту.
+5
Baiana
2018-09-13 13:58:38
Ыыммм....мусулман олколор бактысыздар жашаган олко бекен )))
Тенирден тетири жыйынтык чыгарышыптырго (((())))
+2
aya88
2018-09-14 08:55:54
Колумбия, салвадор олколору кандайча бактылуу болуп чыга келишти? Жалан байларлы сурашкан го. Кокаин, наркотрафик, криминалдар коп жерде кантип эл бактылуу?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан