АКШда 2 жаштагы балага ата-энеси Рождество майрамын сентябрда уюштурду. Алардын мындай кадамга баруусуна баласынын жашоосуна 1 гана ай калганы себеп болгон.
Чет элдик басылмалардын жазганына ылайык, 2 жаштагы Броди Аллендин баш мээсинде шишик бар экендиги аныкталып, 3 ай дарыланган. Бирок шишик баш мээнин төрт бөлүгүндө тең бар болгондуктан аны дарылоо мүмкүн эмес болгон. Дарыгерлер Броди Аллен 2 ай гана жашай турганын айтып, ооруканадан чыгарган.
Бродинин атасы - жүк ташуучу унаанын айдоочусу. Ал баласынын оор дартка кабылганын укканда жумушун таштап, убактысынын баарын уулу менен өткөрүүнү чечкен. Броди Аллен Рождество майрамына чейин каза болору маалым болгондон кийин ата-энеси жана кошуналары бала өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө кубанып калсын деп Рождество майрамын уюштурган. Ошондой эле Броди жашаган аймактын тургундары кайрымдуулук үчүн акча чогултушкан.