"Журналист Уланбек Эгизбаев көзү тирүү кезинде иликтеп берген коррупциялык иштердин кайсы бири аягына чыкты?" Мындай суроо менен парламент жыйынында депутат Жанар Акаев өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылды.
Акаев көрүстөндөгү, музейдеги жана темир жолдогу коррупциялык иштер боюнча чара көрүлбөгөнү үчүн өкмөт башчыны жана укук коргоо органдарын кескин сындады.
"Биринчиден, эмне үчүн Кыргыз өкмөтү, тийиштүү органдар бул иштерге көз жумуп жатат. Көрүстөндөгү коррупцияны ачыктагандан кийин Уланбек Эгизбаевге телефон аркылуу коркутуу болгон. Премьер-министр менен ички иштер министри ушул жерде отурганда Эгизбаевдин коопсуздугун сактап бергиле дегем. Көрүстөн саткандар Уланбекти коркутканда айткам. Күч органдары саясатчылардын чай ичкенин аңдыбай ушундай реалдуу коррупция менен күрөшүүсү керек эле. Экинчиден, музейдеги коррупциялык иштерди биринчилерден болуп Уланбек ачыктады. Күзөтчү отурган отургуч 100 миң сом экенин, жыгач устун 600 доллардан сатып алынганын Уланбек факты менен көрсөтүп бербеди беле? Ушул боюнча кимдер камалды, өкмөт унутуп калат деп ойлойбу? Дагы да жооп жок. Бир да киши жазаланган жок. Үчүнчүдөн, "Кыргыз темир жолундагы" коррупциялык системдин бетин ачып берди эле. Бул иштерге өкмөт башчы кантип бети чыдап отурат. Журналисттер коомчулукка алып чыккан маселелерди өкмөт тыгыз иликтеши керек", - деди Акаев.