Индияда профессор түз эфир учурунда көз жумду

Индиялык профессор Рита Житендра түз эфир учурунда көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, ал таңкы берүүлөрдүн бирине конок катары чакырылып, алып баруучу Захид Муктар менен биргеликте маек куруп отурган. Анда 86 жаштагы профессор Индиянын мурунку президенти Абдул Калам сыяктуу жумуш учурунда дүйнө салууну каалай тургандыгын билдирген. Арадан көп убакыт өтпөй эле, өзү алгач ыктытып, андан соң эсин жоготкон. Телевидение кызматкерлери ыкчам жардам көрсөтүп, эсине келтирүүгө аракет кылышкан. Бирок эч кандай майнап чыкпагандыктан, "Тез жардам" аркылуу ооруканага жиберишкен.
Тилекке каршы, профессор ооруканага жеткенге чейин жан берген. Дарыгерлер анын жүрөк оорусу кармап калганын айтышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Feiza1982
2018-09-13 23:45:57
Тилегенин Аллахым кабыл кылган экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан