Ноокат районундагы Он Эки-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Нарай орто мектебинин окуучусунун апасы А.К. SUPER.KG порталына байланышка чыгып, аталган мектептин директорунун орун басарына нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, директордун орун басары анын 6-класста окуган уулу Марлендин чачы өсүп кеткендиги үчүн далысына 3 жолу уруп, чачынын артын кайчы менен кесип салган.
"Уулум 6-класста окуйт. Анын башында бир аз тырыгы бар болгондуктан, аны жашыруу үчүн чачын бир аз өстүрүп жүрөт. 11-сентябрь күнү директордун орун басары балама "чачыңды албайсыңбы" деп окуучулардын көзүнчө далысына 3 жолу уруп, чачын кайчы менен кесип салыптыр. Балам сабагы бүткөнчө 6 саат бою ошол боюнча отурган. Үйгө келгенде карасам, көйнөк, майкасы бүт чач. Кыркылган чачы коюнуна кирип кетиптир. Аябай ызаланып, аны экспертизага жөнөтүү үчүн ошол боюнча сактап койдум. Мугалимдин ушундай кылууга акысы барбы? Жок дегенде мага бир ооз айтып койсо, мен себебин түшүндүрмөкмүн да", - деди ал.
Ошондой эле баласы эми мектепке баргандан коркуп жатканын айтты.
"11-сентябрда балам болгон окуяны айтып келгенде, дароо аны видеого тартып алгам. Анда коркуп жатып араң сүйлөгөн. Эртеси мектепке жиберейин деп тургузсам, такыр баргысы келбей койду. Уулум жаш, билим алуусу зарыл. Эми кайра кантип окууга барууга көндүрөм, билбейм", - деп кошумчалады.
Мындан улам ата-эне айткан директордун орун басары Замира Шералиевага байланышып, окуянын чоо-жайын сурадык.
"Мен текшерүү учурунда Марленге чачын тегиздетүү керектигин эскерткем. Кийин да текшерип жүрүп, 6-класска баш баксам, ал дагы деле чачы өскөн боюнча жүрүптүр. Сыртка алып чыгып түшүндүрөйүн десем чыкпай койду. Анан жанында отурган окуучулардын бири кайчысын берип, "эже, өзүңүз эле кыркып салбайсызбы" деп калды. Анын кайчысын алып, чачынын артынан тегиз кылып көп болсо 3-4 миллиметр эле кырктым. Анан "эми калганын өзүң үйүңдөн алдырып кел, ээ?" деп артынан таптап койдум. Бирок урган эмесмин. Арадан көп өтпөй эле анын апасы мага телефон чалып, аябай жаман сөздөрдү айтып баштады. Теңелбейин деп унчуккан жокмун. Андан кийин мектепке келген. Шашпай сүйлөшүп, түшүндүрөйүн десем такыр эле сөзгө келбей койду. Ал эми окуучунун тырыгы чекесинде экен. А мен чекесин эмес, артында узун болуп өсүп турган чачын кырккам", - дейт директордун орун басары.
Ал эми мектеп директору Рахима Абдиева буларга токтолду.
"Замиранын мугалим болуп иштеп жатканына 25 жыл болсо, директордун орун басары кызматында 13 жылдан бери иштеп келет. Ал окуу жылы башталганда ар бир класска кирип, мектеп формасын жана окуучулардын тазалыгын текшерген. Ошондо 6-класстын окуучусу Марлендин чачы өсүп турганын көрүп эскертүү берген. Арадан 1 жума өткөн соң кайра текшерип, анын чачы дагы деле узун болуп турганын көрөт. Ошондо окуучулардын биринин кагаз кескен кайчысын алып, арт жагын бир аз эле тегиздеп койгон. Ал эми далысына 3 жолу урган деген сөздү тактоо үчүн окуучулардан сурасам, андай болбогонун айтышты. Негизи биз окуучулардын тазалыгына аябай көңүл бурабыз. Ата-энеси чет өлкөдө болуп, чоң ата-чоң энелердин колунда жүргөн балдар бар. Алардын тырмактары алынбай калган учурларда өзүбүз алып беребиз", - деди ал.
Ошондой эле бул иш боюнча окуучунун апасы милиция бөлүмүнө арыздангандыктан, мектеп директору менен анын орун басары түшүнүк кат жазып беришкенин кошумчалады.
Материалдагы видео окуучунун апасынын макулдугу менен жарыяланды.